super.kg logo
«Жылдын супер клиби»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Заманбап смартфонго ээ болуу үчүн "ЭЛДИК КАБАРга" кандай маалыматтарды жөнөтүү керек?

 

Жаңылыкты эл менен бөлүшүп, утушка ээ бол!

Сузак районундагы мектеп окуучусу Чынберди Жанышов, Оштогу үй кожойкеси Сабира Казамбекова жана Орусиядагы мекендешибиз Алина Мустапакул кызы, Ак-Талаадан Байысбек Жеңишбек уулу, Бишкек шаарынын тургуну Толгонай Таалайбек кызы "ЭЛДИК КАБАРга" кабар жөнөтүп, жеңүүчү болом деп ойлошкон эмес. Алар "ЭЛДИК КАБАР" аркылуу маалыматты гана бөлүшүп, заманбап смартфонго ээ болушту. Актуалдуу окуяларды сүрөткө тартып, уюлдук телефонго ээ болуу - бул реалдуу. Келерки айдын жеңүүчүсү сиз болушуңуз мүмкүн, андыктан маалыматыңыз болсо ыкчам жөнөтүп, заманбап телефон утууга чамдаңыз.

Окурмандар "ЭЛДИК КАБАРга" кандай маалыматтарды жөнөтө алышат?

Турмуштагы өзгөчө көрүнүштөрдү, коомчулукта талкуу жарата алган адамдардын жашоосун же табият кубулуштарын, концерттер, айтыштар, спорттук иш-чаралар болобу, жол кырсыктары, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттери, митинг же акцияларга өздөрү күбө болушса, сүрөткө же видеого тартып жөнөтө алышат.

Качан жана кантип жөнөтүү керек?

Маалымат окуя болгон күнү жөнөтүлсө, актуалдуулугун жоготпой, башка жарандардын да өз убагында кызыктуу жаңылык менен кабардар болушуна өбөлгө түзөт. Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жиберип жатып сүрөт же видео тууралуу кыскача баяндап берүүнү унутпаңыз. Баяндоодо "Ким? Эмне? Качан? Кайда? Кантип?" деген суроолорго жооп жазыңыз.

Кандай кабарлар жарыяланбайт?

Окурмандардын далилсиз пикири, акыркы коомдук-саясий окуялар боюнча жеке көз карашы, бирөөнү шылдыңдаган, такталбаган маалыматтар жарыяланбайт. Эгерде бир окуя боюнча 5 адам сүрөт же видео жиберсе, биринчилерден болуп жөнөткөн окурмандын кабары "ЭЛДИК КАБАРга" чыгат.

Урматтуу окурман! "Элдик кабарга" маалымат берүү менен далил катары коомдогу окуяларды сүрөт же видео аркылуу жиберип, мамлекет жетекчилерине үнүңүздү жеткире аласыз. Ал эми "Соңку кабар" бөлүмүнүн кабарчылары окуя боюнча тийиштүү мекемелерден комментарий алып беришет.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(64)
23.07.2015. 14:36 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
288
Катталган:
24-01-2015
Соӊку аракети:
25-04-2016 10:08
Жынысы:
Белгисиз
+11
канча жөнөттүм утпасамда соңку кабарларга чыгарбай коюшканынан жөнөткүм келбей калды
23.07.2015. 15:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
19-06-2015
Соӊку аракети:
05-09-2016 14:45
Жынысы:
Белгисиз
0
warsaw., Жогоруда айтылган талапка жооп беретурган кылып жонотда.
23.07.2015. 15:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
793
Катталган:
12-01-2009
Соӊку аракети:
06-02-2019 14:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Инфографика сонун болуптур, жакты, азаматсыңар!
23.07.2015. 16:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
01-07-2015
Соӊку аракети:
02-09-2015 16:37
Жынысы:
Белгисиз
0
кабарларды кабыл алуу жобосуна адам укугун жана мыйзам устомдугун камсыз кылуу жагдайларын чагылдырууга артыкчылык берилет деп кошуп койсо, бул жаатта чон жетишкендик болот эле. super kg элдик кабарга сунуш
23.07.2015. 16:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
246
Катталган:
30-11-2012
Соӊку аракети:
12-11-2019 20:07
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эки жолу жоноттум экоо тен маанилуу иш чара болчу чыккан жок мен да токтоттум
04.10.2015. 01:17 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
31-12-2014
Соӊку аракети:
27-07-2017 13:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Атбашы
+1
novayariga,эмне кабар эле ?
23.07.2015. 17:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
605
Катталган:
08-02-2015
Соӊку аракети:
13-11-2019 01:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Заманбап Заманбап уюлдук телефон утуп алыныз сыртка чыгып жанылыктан жыйнаныз эртен уттук сиздики болушу мумкун кечикпениз жонотунуз
23.07.2015. 17:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
11-03-2015
Соӊку аракети:
11-05-2017 19:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+6
Коп эле жоноттум бири да чыкпады
04.10.2015. 01:18 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
31-12-2014
Соӊку аракети:
27-07-2017 13:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Атбашы
+6
realmadrid.,эшек этин сатып жатканды кармап жонотунуз, смартфон утасыз
23.07.2015. 18:04 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
31-12-2014
Соӊку аракети:
27-07-2017 13:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Атбашы
+2
Таарынчактар, комментарийлерге жаза кеткиле кабарынарды. Окуп коруп биз да баалап коебуз.
23.07.2015. 18:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
25-09-2013
Соӊку аракети:
22-08-2019 23:16
Жынысы:
Белгисиз
-7
warsaw., realmadrid., novayariga, Саламатсыздарбы! Окурман акыркы коомдук-саясий окуяларга жеке пикирин билдирсе, аудио, сүрөт менен видео качан жана кайда тартылганы тууралуу баяндама жазылбаса маалымат "ЭЛДИК КАБАРга" жарыяланбай калышы мүмкүн. Ошондой эле окуя бир ай же андан көп убакыт мурун болуп, актуалдуулугун жоготсо да маалымат чыкпайт. Кайра маалымат жиберип көрүңүз. Жогоруда көрсөтүлгөн талапка жооп берсе, кийинки айдагы жеңүүчү араңыздарда болушу толук мүмкүн.
23.07.2015. 21:05 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
288
Катталган:
24-01-2015
Соӊку аракети:
25-04-2016 10:08
Жынысы:
Белгисиз
+19
Айпери Ганыжан кызы, жөнөтпөйм көңүлүмөн калды.:(
27.07.2015. 18:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
26-05-2014
Соӊку аракети:
22-02-2016 23:32
Жынысы:
Белгисиз
+5
warsaw., Кой эми жонотобер.Дагы бир жолу жонотуп кор мумкун ушунусунда утуп калаарсын.
23.07.2015. 22:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
28-02-2013
Соӊку аракети:
05-09-2019 23:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кок серек
+4
Мен жазайын десем кызыктуу окуяларга эч туура келбей атамда
24.07.2015. 10:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
11-06-2017 19:15
Жынысы:
Белгисиз
+6
jora-jora, атын чыкбаса жер орто
03.08.2015. 16:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
25-03-2013
Соӊку аракети:
27-10-2019 21:08
Жынысы:
Белгисиз
+6
chon-alai90, орттосо анан биз барып тарталы,элдик видеого жонотолу ;)
07.10.2015. 02:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
14-05-2015
Соӊку аракети:
13-01-2016 16:28
Жынысы:
Белгисиз
0
tengara, азамат!!! Куло берип эзилдим
24.07.2015. 10:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
196
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
11-11-2019 13:02
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да бир куну утам деп журом, бирок бир да жолу жибере элекмин
28.07.2015. 17:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
276
Катталган:
06-09-2010
Соӊку аракети:
13-11-2019 13:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Italia,Sardegnia.
+5
Мен жонотсом смартфонго кызыкпай эле жонотом.
04.10.2015. 01:18 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
31-12-2014
Соӊку аракети:
27-07-2017 13:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Атбашы
0
aminali,анан эмне жонотбой жатасыз.?
31.07.2015. 10:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
26-08-2011
Соӊку аракети:
10-05-2019 23:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+17
Жол чырак куйбой калды, балдар аянтчасы ачылды дегенге караганда алда канча олуттуу жанылыктар деле чыкпай калып жатат.
02.08.2015. 12:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
03-05-2015
Соӊку аракети:
08-12-2017 20:24
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биз да жоноткон кабар чыкпай калды.Кыскача мазмууну-Транспорт комуникация министери Аргынбек Малабаевке.Жакында Бишкек Кант жолун асфальтка битум жалатып устуно шебенка себелеп ондогону жатасынар.Чет олконун унааларга айнек,фара чыгарган заводторунан заказ туштубу ушундай кылып жолго таш себелеп бергилечи деп? Кантип ушундай ремонт болсун.Оорсалмактуу жукташыган ховолордон калган ан-дон колеяларды ушинтип туздосо болот бекен? Мындай жолду ондоо алдамчылык. Капитально ондош керек бул участоктокту
02.08.2015. 13:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
414
Катталган:
22-01-2015
Соӊку аракети:
25-09-2015 04:16
Жынысы:
Белгисиз
+6
Altyn_, Туура айтасын Туп жолун да битум жалатып устуно шебенка таштап ондоп жатыптыр. Ушунтип ремонт кылганча жон эле коюшса болмок,шебен басылганча терезелер бут талкаланып бутмой болду.
05.08.2015. 17:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
15-03-2013
Соӊку аракети:
20-11-2018 16:45
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эн соонун комментарий жазган адамга да белек ойлоп корсонор урматтуу супер инфо?
07.08.2015. 20:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
31-07-2015
Соӊку аракети:
13-11-2019 12:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
+6
мен дагы коп жолу жоноттум чыккан жок
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 4 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 4) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133619;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: