super.kg logo

Орусиядагы кыргыз мигранттары шайлоодо "Ата Мекен" партиясын колдошорун билдиришти

 

Бүгүн, 21-июлда Орусиянын Борбордук, Батыш, Урал, Сибирь жана Ыраакы Чыгыш округдарында жашаган мекендештердин башын бириктирген 29 коомдук уюмдун жана кыргыз диаспораларынын лидерлери күздө өтүүчү парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" социалисттик партиясын колдошорун билдиришти. Алар тараптан 5 талапкер "Ата Мекен" партиясынын катарында шайлоого катышарын маалымдашты. 

"Советтер Союзу кулаган соң, өлкөбүздүн жүз миңдеген жарандары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө жан багуу үчүн чилдей тарап кетишкен. Бул жылдар аралыгында алгач барган жердештерибиз өздөрүнүн жашоо-тиричилигин оңдоого, жаңы турмуш курганга да жетишкен. Эми биздин ишибиз, үйүбүз бар, көбүнүн ишкердиги да өнүгүп жатат. Республиканын кирешесинин сезилерлик бөлүгүн Орусияда иштеген мигранттардан чегерилген акча каражаттары түзөрүн коомчулук билет. Ошол агылып келип жаткан кирешелердин максатсыз пайдаланылып жаткандыгы бизди өкүнтөт. Биз азыр кыргыз өкмөтүнөн бир гана нерсени сурап келүүдөбүз - бул мигранттардын турмуш-тиричилигин жакшыртууга багытталган мыйзамдарды кабыл алып берүү",- деди Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын аймактар аралык коомдук бирикмесинин төрагасы Алишер Маданбеков.

Жыйындын катышуучуларынын бири "Кыргызстандык ишкерлер биримдиги" уюмунун төрагасынын орун басары Таалай Мустапакуловдун айтымында, мигранттар ар кандай формада мыйзамдык деңгээлде жардам берүүсүн өтүнүп кыргыз өкмөтүнө кайрылышкан. Андан сырткары Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине, Жогорку Кеңешке бир нече ирет кайрылышкан, бирок натыйжа чыккан эмес. 

"Биз кош жарандуулук маселесин көтөрдүк, анткени Орусиядагы каралган чаралардан улам 200 миңден ашык мигранттар эки анжы абалда калышты. 4 жыл мурун биз Жогорку Кеңештин фракция лидерлерине кайрылганга аргасыз болдук. "Ата Мекен" фракциясы гана жооп кылып, кош жарандуулук боюнча мыйзам долбоорун демилгелесе, парламент колдобой койду. Биздин көйгөйлөр көп, айрыкча мигранттардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдар зарыл. Бул маселелерди чечүүдө саясат абдан маанилүү орунда турат. Ошондуктан бизге Орусиядагы кыргыз диаспоралары үчүн күзгү шайлоолордо кимдин жеңери абдан маанилүү. Жасаган ишин, убадага бек турушун, мигранттарга жардам бере ала тургандыгын карап туруп биз, 200 миңден ашык кыргыз жарандарынын башын бириктирген 29 уюмдун башчылары, шайлоодо "Ата Мекен" социалисттик партиясын колдоону чечтик",- дейт Орусиянын Сибирь округундагы "Мекендештер" конгрессинин өкүлү Бекболот Курманбаев. 

Төмөнкү коомдук уюмдар, фонддор жана диаспоралар "Ата Мекен" социалисттик партиясынын чечкиндүү кадамдарын баалап, күздө өтүүчү парламенттик шайлоодо колдоону чечишкен: "Кыргыз биримдиги" (Балашиха), "Кыргызстандык ишкерлер биримдиги", "Мекенчил жаш", "Аксакалдар кеңеши", Кыргызстандын эмгек мигранттарынын аймактар аралык коомдук бирикмеси, "Санат-Ордо", "Мекендештер", "Биримдик", Псков, Ярославль, Вологод, Калининград, Волгоград, Магадан, Рязань облустарындагы, Приморья крайындагы кыргыз диаспоралары, "Кыргызстан аялдары", "Соотечественники-Мекендештер", "Кыргыздар союзу" (Чита шаары), "Ала-Тоо" (Бурятия), "Дружба" (Иркутск шаары), "Менин Кыргызстаным - Мой Кыргызстан" (Абакан шаары), "Жергиликтүү кыргыз улуттук-маданий автономиясы" (Новосибирск шаары), "Достук" (Тыва Республикасы, Кызыл шаары), "Жергиликтүү Кыргыз улуттук-маданий автономиясы" (Томск), "Содружество кыргызстанцев" улуттук-маданий уюму (Омск), Мигранттардын "Манас-Ата" борбору (Новокузнецк шаары). Ошондой эле өздөрүнүн 5 талапкери менен "Ата Мекендин" катарында күзгү парламенттик шайлоого аттанышты. 

Жыйындын жүрүшүндө жаш талапкер Темирлан Бекботоев: "Азырынча биздин идеяларды ар тараптуу колдогон бир гана "Ата Мекен" партиясы болду. Кош жарандуулук боюнча мыйзамды талкуулоо учурунда "Ата Мекен" фракциясы мигранттарга барып талкуу өткөргөн жалгыз фракция болгон. Биз "Ата Мекендин" катарында кыргыз парламентине өтүп келип, кыргыз мигранттарынын маселелерин ар тараптуу чечүүгө бел байладык. Бул жагынан бизге "Ата Мекен" партиясы көмөк көрсөтөрүнө ишенебиз",- деди ал.

Азыр кыргыз жеринде миграция маселеси курч турат. Лидерлердин айтымында, азыр зарыл мыйзамдардын жоктугунан кыргыз өлкөсүнүн 200 000ден ашык жарандары 2 мамлекеттин тең атуулу эмес болушуп, арсар жашоо кечиришүүдө. Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде биздин жарандардын укуктары кеңейиши керек, ошого жараша мыйзамдарды кабыл алуу жаңы Жогорку Кеңештин милдети болуп эсептелет. "Ата Мекен" социалисттик партиясы бул багытта азыртадан эле алгылыктуу иштерди аткарууга киришти. 


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(48)
21.07.2015. 21:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
98
Катталган:
14-12-2014
Соӊку аракети:
25-10-2015 00:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ордолуу шаар
+5
Орустар айтмакчы шайлоодон кийин кидала кылышпаса олду бизди
21.07.2015. 21:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
08-01-2014
Соӊку аракети:
20-09-2018 21:51
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мен Москвадамын 15-кыргыз менен жашайм бири да Ата-Мекенди колдошбойт экен. Көп эле адамдан угам тегеле буларды колдойбуз деген адам жок.
21.07.2015. 21:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
227
Катталган:
26-06-2015
Соӊку аракети:
21-09-2018 00:36
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ermek010292, туура айтасын ата мекенди колдойбуз дегендерди уга элекмин, быйылкы шайлоого ата мекен ото каттуу даярдандыго озуно майда кучторду кошуп 20жыл кыйратпаган эми жыргатмак беле, баягы эл озу менен озу калат да шайлоодон кийин
22.07.2015. 08:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
21-04-2015
Соӊку аракети:
29-09-2016 18:01
Жынысы:
Белгисиз
-7
nura.177,ата мекендин келкели эми келип жатат, демек женишке жетет.
22.07.2015. 10:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
03-07-2015
Соӊку аракети:
13-09-2018 12:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Сулукту шаары
+8
Онугуу-Прогресс утуп чыгатко! Менин жеке оюм
22.07.2015. 10:30 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
11-03-2015
Соӊку аракети:
11-05-2017 19:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Мэлис мырзакматов менен текебаев утуп чыкса керек оштун жарымы эле Мэлисти колдойт .
22.07.2015. 10:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
169
Катталган:
17-01-2013
Соӊку аракети:
16-12-2017 13:15
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен лично эч кимди шайлабайм,тойдум калпычынын казаны кайнабайт деген соз биздин чондорго арналыптыр да.Чон Аталар билип айткан тура корсо
22.07.2015. 11:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
22-11-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 01:01
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жок негизи өзү ким, кайсы депутат аты жөнү барларбы,мен лично эч кимди тааныбаайм.анан кимди колдошум керек
22.07.2015. 11:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
98
Катталган:
26-09-2014
Соӊку аракети:
27-11-2015 05:28
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен колдобойм...
22.07.2015. 11:40 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-09-2018 23:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
arda, кимдир бирөөнү мазактоого жол жок! 3 күн БАН!
22.07.2015. 12:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
06-07-2015
Соӊку аракети:
29-05-2018 19:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кингстон
+2
Колдосон колдобосон жыйынтыгы бир
22.07.2015. 12:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
27-01-2014
Соӊку аракети:
24-06-2018 22:47
Жынысы:
Белгисиз
+1
RASTAMAN, тура ошондой шайлоо болду деп элди тынчдандырып койсо керек оздору билетко тынчтык эле болсунда
22.07.2015. 12:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
27-01-2014
Соӊку аракети:
24-06-2018 22:47
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен деле ошо жакта иштегем 50дой кыргыздар менен чогу иштейт элек бироода айткан эмес ата мекен жакшы деп билбейм эми азыр шайлоого барбасан деле барсан деле алар оздору билет ким отору же эми эле эсептеп чыгып койсо керек ким канча добуш алаарын
22.07.2015. 14:20 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-09-2018 23:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-1
Талкуудан алыстабагыла!
22.07.2015. 14:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
15-07-2012
Соӊку аракети:
20-09-2018 23:34
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким айтты ушуну канчалаган мигранттар журот,ата мекенди колдойт деп баардык мигранттардын ордуна жооп бериптирби
22.07.2015. 14:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
22-11-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 01:01
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өзүмдүн Ата мекенимди жакшыкөромгоо,партиядан Өнүгүү-Процессти колдойм Алгаа
22.07.2015. 14:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
27-08-2014
Соӊку аракети:
05-07-2018 07:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Арал
-1
Ата мекенди эмес онугуу прогрессти шайлайм дегендер коп болтат
22.07.2015. 15:01 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-09-2018 23:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
RONNI, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
22.07.2015. 15:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
02-02-2014
Соӊку аракети:
23-08-2017 14:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
0
Мелис кайсы партияда?
22.07.2015. 15:27 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-09-2018 23:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-1
shaar, талкуудан алыстабаңыз! Эскертүү!
22.07.2015. 15:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
03-03-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 17:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
.
0
Ата Мекендин лидери Текебаев?
22.07.2015. 15:47 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-09-2018 23:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
shaar, мазактоого жол жок! 5 күн БАН!
medina., сын-пикирлер тиешелүү даректерге жөнөтүлүшү керек.
22.07.2015. 16:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
242
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
20-09-2018 20:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+1
Бүт мигранттар дегенден алыс болгула,мен билгенден көбү колдобойт.
22.07.2015. 16:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
12-02-2015
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кучагы толгон ооматка,кош келиниздер Ноокатка!!!
+1
Мен онугуу прогрессти колдойм уй-булоом менен!Админ Nazira1989 га жооп берип коюнуздарчы,сураныч.
22.07.2015. 22:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
266
Катталган:
01-04-2013
Соӊку аракети:
19-09-2018 18:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад,Кыргызстан.
0
batma200294,рахмааат...)))
22.07.2015. 17:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
07-08-2013
Соӊку аракети:
22-07-2015 17:40
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата мекен алгааа!
22.07.2015. 17:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
07-08-2013
Соӊку аракети:
12-02-2016 12:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдойбуз! Ишинерге ийгилик!
22.07.2015. 18:38 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
15-03-2013
Соӊку аракети:
07-08-2016 19:02
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россияда жургон мигранттар эч кимге добуш бербейт.атка минерлер миграттар учун эмне кылып жатасынар оздорунчо эле бул партияга тиги партияга деп озунорду суйунтпогуло .миграттардын жагдайыны чечип анан ниет кылсанар болмок.ТС кушулат деп 3 жылдан бери алдайсынар арынар жок силердин.Армения 2 айдын ичинде толук кошулуп кеттиго биздин атка минерлер бир ишти толук аткаргага духтары жетпейт
Модератор admin_portal түзөттү 2015-07-23 11:38:20
22.07.2015. 19:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
467
Катталган:
13-02-2015
Соӊку аракети:
20-07-2018 22:13
Жынысы:
Белгисиз
-5
ата мекенди колдойбуз Москва шаарынан
22.07.2015. 19:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
05-08-2011
Соӊку аракети:
22-08-2015 23:11
Жынысы:
Белгисиз
+1
биз кайда баратабыз.
22.07.2015. 22:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
21-07-2015
Соӊку аракети:
18-03-2017 17:06
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лично менден эч ким сураган жок,кимди шайлайсың деп?""анан мен учүн жооп бербегиле.
25.07.2015. 00:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
04-10-2013
Соӊку аракети:
24-08-2018 23:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Лидерлерге айтаарым , озунор учун жооп бергиле!! Ата Мекенди дагы, Ата Мекенди колдогон силерди колдобойм. Бироонун укугун сыйлоону уйронсонор, урду сокту барып , жалпы мигрантардын атынан жооп бербей!!!
25.07.2015. 19:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
07-12-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 00:41
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата Мекен алга! Жаштар Ата Мекен менен бирге! Ата Мекен Кыргызстанды оңдойт, калгандары тонойт!
10.09.2015. 18:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
253
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
20-09-2018 01:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
0
Чёрный список маселесин кайсы партия чечип берсе ошону колдойм (тамаша)
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114449;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: