С.Жапаров, К.Ташиев жана Т.Мамытовдордун экспертизанын жыйынтыгында акыл-эси соо чыкканын Башкы прокуратура маалымдады

Башкы прокуратура Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткуловдун ММКларга берген соттук-психолого-психиатриялык экспертиза тууралуу берген маалыматы тууралуу комментарий берди. "Айыпталып жаткан К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов соттук-психолого-психиатриялык экспертиза өткөрүүгө макулдугу тууралуу өтүнүч берилген эмес",- деп билдиришти Башкы прокуратурадан. Ошондой эле Икрамидин Айткулов 2-ноябрда өткөрүлгөн экспертизага эч кандай доосу жок экени тууралуу Башкы прокуратурага арыз жазып берген. Бирок К.Ташиевдин жактоочусу 6-ноябрь күнү позициясын өзгөртүп, экспертизанын жыйынтыгы менен макул эместигин билдирген. Ал эми Башкы прокуратура С.Жапаров, К.Ташиев, Т.Мамытов экспертизанын жыйынтыгы менен акыл-эси соо чыкканын кошумчалады.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан