Коррупция боюнча айыпталып СИЗОдо отурган Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 23-июлда Башкы прокуратурадан билдиришти. Депутат учурда УКМКнын атайын дарылануучу жайында жатат.
Эскерте кетсек, Коркмазов 15-июлда Бишкектин мурунку мэри
Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин
билдирген. Коркмазов президенттик аппараттын ошол кездеги жетекчиси Нарымбаев менен сүйлөшүп алып Н.Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар сураганы аныкталган эле. Бул акча Түлеевге караштуу мүлктөрдүн конфискацияланышын Жогорку Сотто оң тарабына чечип берүү үчүн суралган.
Данияр Нарымбаев депутат Коркмазов аркылуу 7-майда Түлеевдин жакындарынан 50 миң доллар алганы да белгилүү болгон. Мындан кийин Нарымбаев "бул ишке тиешем жок" деп билдирүү жасоо менен кызматтан бошотууну суранып президентке кайрылып, президенттин жарлыгы менен 20-июлда кызматтан бошотулду. Учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта.
Нарымбаевдин бул коррупциялык ишке катыштыгы бардыгын
Нариман Түлеевдин кызы
Назгүл Түлеева да
жарыялады. Экс-мэрдин кызы бул иштин башкы фигуранты Данияр Нарымбаев экенин, Коркмазов ортомчулук кызматты аткарганын айтууда. Мындан тышкары бул чуулгандуу ишке катыштыгы бар делинип Жогорку Соттун төрайымынын орун басары
Канатбек Турганбековдун да ысымы аталган. Маалыматтарга ылайык, Турганбеков азырынча суракка чакырыла элек. Башкы прокуратура аталган кылмышка катыштыгы бар делинген бардык адамдар боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирүүдө.
Бишкектин мурдагы мэри Н.Түлеевди эки инстанциядагы сот күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыраткан. Азыркы тапта кылмыш иши Жогорку Сотто каралууда. Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган. 2015-жылдын май айында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жерди мыйзамсыз сатуу кылмышы боюнча Нариман Түлеевге карата дагы бир кылмыш ишин ачкан.