Президент каралоолордун айынан апасын жана агасын жоготконун айтты

Бүгүн, 27-июль күнү президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарында журналисттер менен жолугушууда каралоолордун айынан 1995-жылы апасын, жакында агасын жоготконун айтты. 
"Жакында эле бир тууган агам инфаркттын айынан кайтыш болуп кетти. Силерге да белгилүү, жергиликтүү басылмалардын бири агамды каралаган материалдарды жарыялаган болчу. 1995-жылы жергиликтүү телеканалдардын бири мени "эл душманы" деп атап, каралаган материал көрсөткөндө апам "уулум репрессияга туш болот экен" деп ойлонуп, кийин көз жумду. Жакында мага айтылган каралоолорду көтөрө албай агам каза болду",- деп билдирди президент. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан