Бүгүн, 30-июлда Бишкекте Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаевди автоунаа сүзүп кетип, актёр каза тапты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Темирлан Сманбеков билдирди.
Маалым болгондой, кырсык түшкө маал Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Мукамбет Токтобаев 68 жашта болчу. Ал «Он үчүнчү небере», «Күнөстүү арал», «Эл арасында», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Айыл өкмөтү», «Боз салкын», «Бабалардын керээзи», «Чиркин өмүр», «Тарантинону алуу», «Белгисиз маршрут», «Аят», «Аят-2», «Президент жана бомж» жана башка тасмаларда роль жараткан.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыздын атактуу актёру Мукамбет Токтобаевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.