Ош шаарынын Ак-Тилек жана Кулатов кичи районундагы базарларда санитардык нормалардын, экологиялык жана өрттүн алдын алуу эрежелеринин сакталгандыгы текшерилди. Натыйжада соода кылган жерлерде, коомдук тамактануучу жайларда санитардык абалдын начардыгы жана уруксатсыз соода-сатык менен алектенгендер белгилүү болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы 31-июлда билдирди.
Маалыматка караганда, текшерүү жүргүзгөн комиссиянын курамына биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров, мэриянын тийиштүү кызматкерлери, Архитектура башкармалыгынын жетекчилери, ӨКМнын өкүлдөрү, Мамлекеттик экотехинспекциянын жана Өрткө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү, "Ош-Тазалык, "Суу-канал", Санитардык-эпидемиологиялык кызматы, Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери кирди.