Бишкекте өлтүрүлүп, жиликтенген жаран менен аялынын ортосунда жасалган тамактан улам чыр чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 12-август күнү кечинде болгон. Анда жумуштан келген күйөөсү аялынын жасаган тамагын жактырбай, ортодо уруш чыккан. Ачуусу келген аялы күйөөсүн бычак менен сайып салган. Анан эмне кыларын билбей, кылмышты жашыруу үчүн жансыз денени бир канча бөлүккө бөлүп, шаардын ар кайсы бөлүгүнө такси менен алып барып таштаган.
Белгилүү болгондой, кылмышка шектүү менен маркум 4 жыл бирге жашашкан. Алардын 3 жана 2 жаштагы эки уулу бар. Аялы кылмышты өзү жасаган. Шектүү 2013-жылы Медициналык академияны бүтүргөн. Буга чейин күйөөсү бир нече жолу аялына кол көтөргөнү айтылды. Ал эми маркум, 1981-жылы туулган Эрлан Оркошов бир жолу колдонуучу идиш-аяк чыгарган ишкананы башкарчу. Ал бир канча жыл Англияда жана Кытайда иштеп келген.
Учурда кылмышка шектүү катары 26 жаштагы С.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Айта кетсек, 14-август күнү эртең менен 5-кичи райондогу таштанды таштоочу челектен эркек адамдын кесилген колдору жана буттары табылган. Ал эми кийинки күнү адамдын башы Фучик көчөсүнөн, дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан чемоданга салынган абалда табылган.