Өздөрүн "патриот" деп эсептегендер Орусияда дагы бир кыргыз кызын өзбек улутундагы жигит менен баратканда кармап алып ур-тепкиге алганы тууралуу видео интернетке тарады. Видео 22-август күнү орусиялык интернет басылмаларынын бирине жарыяланды.
Видеодо кыргыз жигиттери кызды суракка алып, анын аты-жөнүн, туулган жылын толук айттырышат. Андан соң өзбек баланын да аты-жөнүн айттырып, суракка алганы жазылган. Кыз Бишкек шаарынын четиндеги Күн-Туу айылынан, өзбек жигит Өзбекстандан болорун айткан. Бала жумуштан чыгып, кыргыз кыздын үйүнө батир көрүүгө баратканын жана анын жолдошун тааный турганын айтканы жазылат.