"Коломто" кайрымдуулук үйүндө санитардык блок ачылды

Үйү жок адамдарга көрсөтүлгөн тейлөөнүн сапатын жогорулатуу үчүн Биринчи Май районундагы "Коломто" кайрымдуулук үйүндө санитардык бөлмө ачылды. Маалыматка таянсак, аталган бөлмөдө айымдар жана эркектер үчүн өзүнчө бөлүмдөр бар. Эми бул жайга келген үйү жок адам (селсаяк) санитардык кароодон, дарыгердин текшерүүсүнөн өтөт. Андан соң гана бөлмөгө жайгаштырылат.
Мындан тышкары бүгүнкү күндө "Коломтонун" имаратындагы дааратканаларды жана жуунуучу жайларды оңдоо иштери бүттү. Ошондой эле мекеменин аймагында жаңы дааратканалар салынды. Учурда имараттын сыртын коздоо иштери жүрүп жатат.
Бул иштерге Бишкектин мэриясы тарабынан 3 миллион сом бөлүнгөн.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан