"Ата Мекен" партиясынын лидери кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

"Ата Мекен" саясий социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кыргыз өлкөсүнүн жарандарын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.  

Куттуктоонун мазмуну төмөнкүдөй:

"Урматтуу мекендештер!

 Биздин өлкөбүз эгемендүүлүктүн 24 жылдыгына кандай ийгиликтер, кандай кыйынчылыктар, кандай үмүттөр менен келди? Бул жылдары акылман, эркиндикти туу туткан элибиз 90-жылдардагы көз карандысыз Кыргыз Республикасынын түптөлүшү, эки революцияны, коррупциялашкан, үй-бүлөлүк-кландык  режимдин өлкөдөн куулушу, ата мекендик экономиканы жандандыруу сыяктуу көп кыйынчылыктарды баштан кечирди. Айрыкча өлкөдөгү акыркы 5 жыл өзгөчө мааниге ээ десек болот. Биздин эл адам укугун жана мыйзамды сыйлаган, парламенттик демократияга негизделген, күчтүү, көз карандысыз Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө багыт алды.

Кыргыз Республикасы калкыбыз экономикабыздын өнүгүүсүнүн жана биздин жарандарыбыздын, ошондой эле өлкөнүн аймагынан сырткары жашаган боордошторубуздун жашоо-турмушун жакшыртат деп үмүт кылган Евразиялык экономикалык союздун курамына кирди.

Баарыбыз биргеликте элибиздин кылымдарды карыткан акылмандыгына, сабырдуулугуна таянып жалпыбыздын мекенибизди, өлкөнүн бейпилдигин жана туруктуулугун сактап кала алдык. 

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына кадам таштап жатып алдыда экономикалык, социалдык, саясий реформалар, 2010-жылдагы Элдик революция аркылуу жеткен демократиялык баалуулуктар, коомдо тамырлап калган коррупция, уюшкан кылмыштуулук сыяктуу илдеттерди жоюу сыяктуу башталган зор иштердин акырына чыгышыбыз керек экендигин жакшы түшүнөбүз. 

Алдыдагы шайлоо таза өтсө, бийликке эрки күчтүү, кесипкөй, өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликти моюндарына ала турган адамдардын келе турганына ишенебиз. Биздин күчтүү, эркиндикти сүйгөн элибиз татыктуу жана келечекте гүлдөгөн өлкөдө жашай туганына көзүбүз жетет.   

Бардык мекендештерибизге, жалпы кыргыз өлкөсүнүн жарандарына тынчтыкты жана боорукердикти, эртеңки күнгө ишенимди, экономикалык жетишкендикти жана Ата Мекенибизди сүйүүнү каалайбыз".

 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
mambo-1984
2015-08-31 12:49:07
Республика партиясы жонундо деле жазып койбойсунарбы алар деле кутуктадыго
0
friendwipkg
2015-08-31 18:37:17
mambo-1984, аларды атамбаев жаман көрөт.
+1
Sexy_88
2015-08-31 15:14:13
Чон рахмат! Элибизди токчулук, молчулук болсун. Онугуп, оссун.
0
aravanis82
2015-08-31 16:17:31
бул Текебайев качан сайасаттан кеткенде кыргыстан онугобуз
+1
kubat_1973
2015-08-31 22:34:04
aravanis82, ХХХ ХХХ ХХХ... Текебаев саясаттан эч качан кетпейт ал кетсе онолом деген тушунугунду ХХХ ХХХ ХХХ... катып кой. Текебаев бар учун кыргыздын жашоосу жашарып онуно келип турат
-1
admin_portal
2015-09-01 12:57:16
kubat_1973 - эскертүү!
Мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
adilbars
2015-08-31 21:27:26
Дал ушул Текебаев жана ага окшогон азыраак инсандар мамлекетти башкарууга аралашып жургону учун бийлик уйубузго чейин кирип алган жок,болбосо тоталитаризм орноп катынына да ээ боло алмак эмессин.Эки жолу арам жолго тушкон бийликти кулатууга кайра олкону мыйзам нугуна тушурууго чон салым кошту. Тарых унутпайт!
-1
nura.177
2015-09-01 01:11:06
adilbars, кооз суйлоп кайдагыны айтпачы
0
tyratbek
2015-09-01 01:27:05
текебаев эмнеге президент болбой атат ошондой эле кыргызстанды сактагыч болсо кайра кайра у бактылуу окмот боло калбай болбойбу президент королу щветсария болуп кеткенибизди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан