Бишкекте Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 24 жылдыгына арналган майрамдык концерттен кийин шаар ичи таштандыга толуп кетти. “Ала-Тоо” аянты жана ага жакын турган эс алуу бактары желим бөтөлкөлөргө жана баштыктарга толуп калган. "Тазалык" ишканасынын жумушчулары майрамдык концерт аяктаган учурдан тартып таштандыларды жыйнап жатышканы менен, толук тазалап бүтүшө элек.