ЭЛДИК КАБАР: Тоң районунда жайлоого салынып жаткан көпүрө жарым жылдан бери бүтпөй жатат

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Коңур-Өлөң жайлоосуна салынып жаткан автоунаа өтүүчү көпүрө 6 айдан бери бүтпөй жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Көпүрөнүн курулушунун бүтпөй жаткандыгы тургундардын ары-бери өтүүсүнө ыңгайсыздык жаратууда. Айла жоктон коңшу айыл менен айланып барып жатабыз. Буга чейинки көпүрөнү ташкындаган суу алып кеткен. Азыр жаңы көпүрөнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмү салып жатат",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aikow92
2015-09-04 15:23:54
Бутпой жатат деп карап жатасынар анан. Мамлекеттен пайда жок экенин билсенер керек уже жарым жыл болуп кетиптир. Алма быш оозума туш деп карап отура берсенер силерге эч нерсе жок. Анткени казынадан акча жооок. Эл аралык гранттарга проект жазып аракет кыла бергиле.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан