Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Биз Орусияда иштейбиз. Документтердин айынан Орусияда жүрүү мөөнөтү бүткөндө Украинага барабыз, "өлкөдөн кирди-чыкты" деген белги үчүн. Жакында эле мен да барып келдим. Кайра Орусияга кирер алдында Федералдык миграциялык кызматтын өкүлдөрү бизди суракка алышты. Анда "Аскерге баргансыңбы? Үй-бүлөң барбы?" деген суроолор берилди. Кээ бир кыргыздарды Орусияга киргизбей коюшту. "Кыргыз жерине Киев аркылуу өткүлө" деп жатышат. Киев-Бишкек каттамы дээрлик жокко эсе. Менимче, алар бизди согушка түртүп жатышат. Көп кыргыздар кайра Орусияга кире алышпай Украинанын аймагында турушат. Миграция кызматынын суракка алганын кандай түшүнсөк болот? Кыргыздарга колдоо болобу?
Жооп: - Кыргыз Республикасынын жарандары Орусия Федерациясынын аймагында чет мамлекеттин жараны болуп эсептелишет, ошого байланыштуу алар жергиликтүү мыйзамдарды сыйлоого жана сактоого тийиш.
Өз кезегинде Орусиянын тийиштүү органдары чет элдик жарандарды Орусия Федерациясынын аймагына киргизер учурда алардан түрдүү суроолорду суроого мүмкүнчүлүгү, укугу бар. Бирок сиздер койгон «Аскерге баргансыңбы? Үй-бүлөң барбы?» деген суроолоруна кандай жооп берген кезде да, ал жагдай Орусиянын аймагына кирүүгө тоскоолдук жаратпайт.
Υстүбүздөгү жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасы жана Орусия Санкт-Петербургдагы экономикалык форумдун алкагында кыргыз мигранттарына байланышкан келишимге жетишишкен. Келишимдин негизинде Орусияга кирүүгө 3 жылга чейин тыюу салынган кыргыз жарандары үчүн бул чектөөнү жоюу тууралуу (андагы негизги шарт: мигрантка тыюу салынган мөөнөттүн кеминде жарымы аяктаган болушу керек) жана Орусиянын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн кыргыз өлкөсүнүн жарандарына 2015-жылдын 10-июлунан тартып 2015-жылдын 1-ноябрына чейин эч кандай тоскоолдуксуз Орусиядан чыгууга жана кайра кирүүгө уруксат берилген. Бул чечим алардын Орусияда легалдуу жүрүшүнө жана эмгектенүүсүнө мыйзамдуу шарт түзөт.
Жогоруда жазылган мөөнөттө кыргыз жарандары Орусиянын аймагынан Украинага чыгып, кайра Орусияга кире албай калышса, анда алар тез арада Кыргыз Республикасынын Украинадагы жана Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кайрылуусу абзел.
Даректери:
- Украина, Киев шаары, Павловская көчөсү, 26/41, 5/ Асекциясы, 108-кеңсе. Тел./факс: (+380-44) 500-59-36, e-mail: embassy.kg.kiev@sivercom.net
- Орусия Федерациясы, Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү, 64.
Тел.:(+7-499)237-46-01, факс:(+7-499)237-44-52, e-mail: info@kyrgyzembassy.ru
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.