Чүй облусунда атасы 2 жашар баласын тарбиялайм деп сабап, наристени комага түшүргөн

Чүй облусунда атасы 2 жашар баласын тарбиялайм деп сабап, наристени комага түшүргөн. Мындай маалыматты бүгүн, 16-сентябрда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 12-сентябрдан 13-сентябрга караган түнү Аламүдүн районунун 1966-жылкы тургуну 2013-жылы туулган баласын тарбиялайм деп сабаган.

Жабыркаган баланын 1973-жылкы апасы үйгө кирип, уулу эс-учун жоготуп жатканын көрүп, аны №3-балдар ооруканасына жеткирген. Белгилүү болгондой, наристенин мээси чайкалып, денесинин бир топ жери көк ала болуп, ал тезинен жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.  

Окуядан кийин баланын атасы качып кетүүгө аракет жасаган, бирок ыкчам топ аны кармап, учурда ал соттун чечими менен камакка алынды. Ага Кылмыш жана жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду”,- дешти басма сөз кызматынан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Holerik10
2015-09-16 19:18:45
Баланы уруп тарбиялаардан мурда,озунор ошол жашта кандай экенинерди бир сыйра ойлоп,анан ии деп башынан сылап коюп жанын чыгып атса барып валериананды ичип жатып алгыла!!!
+1
nura.177
2015-09-16 19:34:55
Holerik10, оздору ошол жашта эмес азыркы жашында кылган ишин кара,бул жаш балдарда эмне куноо. Адамдык сапат кетип айбанга айланып баратабызбы? Тарбияны ушинтип береби? Соз жок,эмне болгон кундо да адам озун кармана билиш керек,жазаларын алсын.
+1
Flander
2015-09-16 19:31:39
Ошо атасынын өзүндө тарбия бар бекен?Өзүндө эч нерсеси жок адам ушундай иштерди жасайт.
+1
chyngyz-KG
2015-09-16 19:33:47
Биролор балага зар болсо.Бул ата айбан экен.Не нормальный
+2
Akmosha
2015-09-16 19:47:39
Кудай сактаа,бироого зар,бироого кор бала! Мындай сабаган ата эненин мээси чайкалып калган.
+2
modem4999
2015-09-16 20:01:39
Колун сынсын,бала деле курсагы ток кийми жылуу жакшы шартта жашаса ыйлабаса керек.Ата деген создон айланып кет!!!
+2
briliant87
2015-09-16 20:55:55
адамдарга не болгон озу 1-2 жаштагы балдарын уруп.
0
KYRGYZJERI
2015-09-16 21:47:33
Наристелер жонундо жанылык окусам журогум шуу деп кетет, дагы эмне болду деп.
Карыганда коргон баласын акыл менен тарбиялабайбы, алдап эркелетип койсо бала кандай жумшарып жибип калат.
Анан келип калжандап колун которуп уйдо баатыр жоодо жок мээси аз немего
Бир катуу закон кирип булардын козу тазаланмайынча акмактардын оюну тыйылбайт.
Супер инфо ондобогула адамдын намысына тийдин деп, бул балага кол которгон намысы жок, мээси жок гана айбан чалыштар...
0
Nurtilek001
2015-09-16 21:58:34
Тарбиялабай жерге кир эки жаштагы баланы тарбиялап эмне кылат наристеда эч нерсени тушуно элек,биринчи озу тарбияланып албайбы акмак десе.
0
aidai88
2015-09-16 23:02:45
Биринчи озун тарбиялап алыш керек эле ,Исламда ушундай соз бар"баланды жакшы жакка тарбиялайм деп убара болбо,канчалык аракет кылба баары бир ал сенин балан,сени тартат"-дейт
+1
marmiladka9
2015-09-16 23:29:38
Больной!!!!!!!!!! соз жок айтканга.
0
nurzada78
2015-09-17 01:56:44
Кудайга тобоо кылам жакамды кармап!Озунун атасы бекен деги,эмнеге качканга аракет кылат!
0
nur_92
2015-09-17 04:12:28
Биролор балдарга зар болуп журсо бул акмак баланы кор кылып журот.
0
zhayna
2015-09-17 08:16:08
Бактысыз экенин билген адам балалуу болбой эле койсо...
0
Eureka
2015-09-17 09:27:30
Билбейм эмне болуп жатат. Уй булонун башчысы болгон аталар омурлук жарына, балдарына кам коруп мээрим токкондун ордуна жогорудагыдай ишти жасап олтурса.
0
asdf
2015-09-17 12:00:15
Кудай озу сактай кор.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан