super.kg logo

Бишкекте окуучулардын ортосунда ызы-чуу чыгып, 4 бала бычактан жаракат алды

 

16-сентябрь күнү Бишкекте окуучулардын ортосунда ызы-чуу чыгып, 6 бала жабыркап, айрымдары бычактан жаракат алышкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, 16-сентябрда саат 21:30 чамасында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан №38-орто мектебинин жанында топтошкон балдардын ортосунда мушташ болгону боюнча маалымат түшкөн. Свердлов РИИБинин жетекчилери жана тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барганда, ал жерден ар кандай жаракат алган 1999-жылы туулган Ө.Ю. жана 1999-жылы туулган Ө.Д. аттуу окуучулар "Тез жардам" менен №3-ооруканага жеткирилишкен.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерде текшерүү жүргүзүшкөн учурда Аламүдүн-1 кичи районундагы "Магнит" дүкөнүнүн жанынан кызыл ала, канга окшогон эки так табылган. Андан кийин Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Бишкек шаарындагы Мамакеев атындагы ооруканага ар кандай жаракаттар менен 1998-жылы туулган Б.А., 1999-жылы туулган Б.Б. жана 1998-жылы туулган А.Э. жеткирилди" деген маалымат келген.

Жабырлануучулар:

1. Б.А. 1998-жылы туулган, жашаган жери: Учкун жаңы конушу, Бишкек шаарынын №38-орто мектебинин 11-классынын окуучусу. Ооруканадан алынган билдирүү боюнча, бычак ичин кесип, ичегисине сайылган.

2. Б.Б. 1999-жылы туулган, жашаган жери: Бишкек шаары, Көлбаев көчөсү-33, Бишкек шаарынын спорт мектебинин 11-классынын окуучусу. Ооруканадан алынган билдирүү боюнча, башына сокку тийген, төбөсү канап калган.

3. А.Э. 1998-жылы туулган, жашаган жери: Бишкек шаары, Көлбаев көчөсү-33, спорт мектебинин 10-классынын окуучусу. Ооруканадан алынган билдирүү боюнча, ичи кесилген.

4. Ө.Д. 1999-жылы туулган, жашаган жери: Бишкек шаары, Көлбаев көчөсү-33, спорт мектебинин 10-классынын окуучусу. Ооруканадан алынган билдирүү боюнча, ичине бычак сайылган.

5. Ө.Ю. 1999-жылы туулган, жашаган жери: Бишкек шаары, Көлбаев көчөсү-33, спорт мектебинин 10-классынын окуучусу. Ооруканадан алынган билдирүү боюнча, ичине бычак сайылган.

6. С.Р. 1999-жылы туулган, жашаган жери: Бишкек шаары, Көлбаев көчөсү-33, спорт мектебинин 10-классынын окуучусу. Ооруканадан алынган билдирүү боюнча, жаак сөөгү сынган.

Иш боюнча соттук-медициналык жана тийиштүү экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда бул окуя тууралуу Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
17.09.2015. 11:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
392
Катталган:
22-06-2015
Соӊку аракети:
04-03-2017 11:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Жапжаш туруп бычак которуп жургонун. Бир эле бычак менен ошончо баланы бычактаганбы же арбиринде бар болгонбу бычак.
Кантсе да азыркы балдарга сабыр ыйман берсин
17.09.2015. 11:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
11-09-2010
Соӊку аракети:
21-09-2018 17:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Белгисиз Арал
0
Укмуш. Кандай туура тарбия бериш керек? Деп коркосун . Кудай сактасын!
17.09.2015. 11:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
23-06-2015
Соӊку аракети:
22-09-2018 20:02
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай корунуштор коп кайталанып жатат. июльда Озгон районунда да ушундай корунуш болгон. 99дар м.н 98дер мушташып 2 бала бычакталган. 1су оор болчу 1жарым айда чыкты ооруканадан.
17.09.2015. 11:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
11-11-2014
Соӊку аракети:
26-06-2016 07:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кереметтүү кыргыз жери. АЛАЙ))
+1
Мектеп рекеттерин жок кылып,катуу тартип керек. Ата-эне менен мугалимдер биргеликте иш алпарып,катуу козомолго албаса,мектепте тартипсиздик менен кылмыштуулук кучой берет.
17.09.2015. 11:48 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
283
Катталган:
15-06-2012
Соӊку аракети:
26-07-2016 22:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
UAE
+1
Ушул окуучулар окуусун бутолек жатып бычак сайышса,адамды кийин жон эле союшат го.Тарбия-тартиптин начарлыгы,талаптын,жоопкерчиликтин жоктугу.
17.09.2015. 12:19 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
16-09-2015
Соӊку аракети:
15-06-2016 20:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Там где кайфова
-1
Охоо эки школдун балдарынын ортосунда конкретная "стрелка" болгон ондонот))).Ата энелеринин шору да эми не болмок эле.
17.09.2015. 12:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
27-04-2015
Соӊку аракети:
26-10-2016 22:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Борбор
0
Жиндилер.Эми не тапты?
17.09.2015. 12:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
26-01-2013
Соӊку аракети:
13-09-2018 23:36
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jaman ish boluptur birok azyrky zamandyn talaby ushundai bolup kaldy da sport shkol dep jatpaiby osholor kelip chagymda mektep okuchularyna kyiyn bolgongo oshondon urush bashtalgan menin oiumcha
17.09.2015. 13:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
26-11-2014
Соӊку аракети:
25-06-2018 17:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ушул мектепте окуп кеткем, Аламедин 1кичи районунда жайгашкан баардык мектептерге спорт мектебинин балдары коп барчу (инкуб), мындай мушташтардын далайын баштан откозгонгонбуз, канча бала сабалып, каза болгондор да болсо керек жанылышпасам, ушуга окшогон (разборкалар) болуп келген жана боло берет.
17.09.2015. 21:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
09-06-2015
Соӊку аракети:
10-09-2018 22:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Мен дагы 38-мектепти бүткөм. Бир жагында уйгурлар, бир жагында спорт мектеби. Азыркы спорт мектебин окуган балдары мурунку балдарга караганда тынчыраак. Мындай көрүнүш болуп келген жана боло бермекчи.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114548;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: