Ош шаарында кароосуз калган сейил бактарынын баары 2016-жылы жаңыланып, колдонууга берилет. Мэриянын билдиришинче, мэр Айтмамат Кадырбаев шаар тургундары менен жолугушууда быйыл 4 сейил багы оңдоодон өткөнүн белгиледи.
“Шаардыктардын жашоосу жана эс алуусу үчүн ыңгайлуу
шарттарды түзүү - биздин максаттарыбыздын бири.
Буга чейин мыйзамсыз аракеттер менен шаардагы жалпы
коомчулуктун пайдалануусундагы бир канча объектилер жең
ичинен менчикке
берилип кеткен фактылар ачыкка чыкты. Мындай тагдырга туш болгон
36 374 чарчы метр жер
тилкеси соттун кийлигишүүсү менен мамлекетке
кайтарылды",- дейт шаар башчысы.
Жергиликтүү жашоочулар мэрден “Курманжан датка” аймактык кеңешине эс алуу
жайын ачып берүүнү суранышканы, Кадырбаев аймактагы “Жеңиш” сейил багы оңдолуп пайдаланууга берилерин билдиргени айтылды.