ЭЛДИК КАБАР: Ошто окурман эшектер багылган жайды таап, эшек эти тамак-ашка колдонулушу мүмкүн деп тынчсызданууда

Ош шаарынын ХБК кичи районунда жайгашкан, жеке менчикке сатылып кеткен мурдагы комбинаттын короосунда көптөгөн эшектер багылып жатат. Бул тууралуу окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, бул жай чоң аянтты ээлеп, бардык жагынан тосулган. "Бул жерге жакын жологонго мүмкүн эмес, анткени айланасы кашаалар менен тосулган. Бул эшектердин эти тамак-ашка колдонулушу мүмкүн",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (45)
nurgazy.kgz
2015-09-21 22:28:09
Дагы бироо бизнес кылайын дегендир да.
+1
omka100514
2015-09-21 22:41:46
ХБК кичи району эмес, Манас Ата кичи району
0
Mars55
2015-09-21 22:59:57
ай эшегим эшегим эмнеден болду кеселин
0
aikol87
2015-09-21 23:18:55
Ушу окурманга смартфон.
+7
gitaris93
2015-09-22 01:29:47
Чиновниктердин бизнеси болсо керек эшектерин да озун да атыш керек же каттуу чара коруш керек мамлекет
0
aruuzat88
2015-09-22 03:25:01
Азыр бир көзүң,бир көзүңө душман,эң.жакшысы базардан койду сатып алып,үйдө алалдап сойуп жеген эле жакшы,көчөдөн такыр тамак жебей.
0
Mech.kg
2015-09-22 03:56:13
Текшерууу керек.
0
only_progress
2015-09-22 04:54:59
Оштун кайсыл жери экен жазып койгула,чондор ойгонгуча Ош шаарынын эли оздору эле барып текшерип келет. Бир чогулуп митинг уюштуруп туруп билдирбей бастырып кирип барышса баары ачылат.
+4
only_progress
2015-09-22 04:57:19
Урматтуу Супер озунуздор эле ушул жайга барып билип келбейсиздерби
0
guzel_
2015-09-22 08:47:27
Кимге сойуп сатат эле бизге да.жеп конуп калдыкго.калп эле ииии дей бересинер тополон кылып.
+1
skatoruk
2015-09-22 09:20:08
Жакында кулактарыбыз осо баштайт , Ошондо билебиз ким коп эшектин этин жегенин , ТАМАША!!! Самса , шашлык жасаган жерлерди текшериш керек!!!
0
chalkan
2015-09-22 09:37:50
Бул эшек оорудан качан айрылабыз? Ким айрылтса ошого шайлайм.
0
Gulnaz.GS
2015-09-22 11:19:28
Орттон мурда чуу чыгарып.Оштун атын булгаба кабарчы.аныгына жетип анан жаз
0
kaniet
2015-09-22 12:05:44
Ооо деликатешекпи дагы!Шерменделер!
0
aash
2015-09-22 20:32:49
ХХХ ХХХ ХХХ... Кулгонго куло жетем деген ушул.
0
kaniet
2015-09-22 20:50:46
aash, ОШто багылып, БИшкекте союлуп сатылып дегендей го аа :)
0
admin_portal
2015-09-23 11:01:06
aash - 3 күнгө БАН!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан