super.kg logo
  Саясат  

Биринчи Май райондук сотунда Камчыбек Ташиевдин маселеси каралууда

 
Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда "Республика - Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиевдин БШК тарабынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгарылышы мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин караган соттук отурум башталды. 
Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын кызыкчылыктарын комиссиянын мүчөсү Рашид Бекбасаров, "Республика-Ата Журт" партиясы тарабынан укук коргоочу Атыр Абдрахматова, Камчыбек Ташиевдин кызыкчылыктарын адвокат Жыргалбек Бабаев коргоп жатат. Соттук отурум судья Алмаз Калыбаедин төрагалыгы астында өтүүдө.
Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев 26-сентябрда пикир келишпестиктин айынан "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлүн сабап салганы жарыяланган. Факт боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү жүрүп жатканы айтылган эле. 28-сентябрда БШК Камчыбек Ташиевди талапкерлердин тизмесинен чыгарып салган.


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.09.2015. 11:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
29-03-2014
Соӊку аракети:
16-11-2018 14:46
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акыйкат чечим чыгат деп күтөбүз.
30.09.2015. 11:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
11-01-2014
Соӊку аракети:
23-10-2018 08:42
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ташиев элге кызмат кылган адам тизмеден чыгарбаса жакшы болот эле
30.09.2015. 12:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
09-11-2013
Соӊку аракети:
13-11-2018 21:04
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кана факт???
30.09.2015. 14:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
29-03-2014
Соӊку аракети:
16-11-2018 14:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабалган адамдын көгөргөн жаракат алды деген фактыларын керек болсо журналисттер биз таппай жатабыз. Болгону доктурлар гана эч кандай жаракат албагандыгын айтып ооруканадан чыгып кете берүүсүнө уруксат беришиптир. Сабалган адамдын денесиндеги залалдарды фото видео аркылуу элге жарыялап дааналап көрсөтсө жакшы болот эле. Бирок көрсөтө алышпайт. Себеби анын денесинде так жок экен.
30.09.2015. 15:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
248
Катталган:
13-02-2015
Соӊку аракети:
20-07-2018 22:13
Жынысы:
Белгисиз
0
кутобуз чыдамсыздык менен Камчы алга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117816;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: