Ырчы Айпери Сыдыкованын “Карегимде мекен чеги” аттуу жаңы ыры жарык көрдү. Бул тууралуу ырчы өзү билдирди. Аталган ырдын сөзү жана обону Айперинин жолдошу Мирзамир Сыдыковго таандык. “Жолдошум аскер кызматкери болгондуктан бул ырды жазса керек. Негизи, биз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө эле Мирзамирдин кыңылдап ырдап калганын угуп калчумун. Кийин кызыгып, аранжировка жасатып ырдап чыккым келди. Буюрса, жакында аскердик форма тиктирип, клип тарттырайын деп жатам”,- дейт ырчы.