"Бир бол" партиясы шайлоонун болжолдуу жыйынтыгын тааный турганын билдирди

"Бир бол" партиясы парламенттик шайлоо ачык, мыйзамдуу жана демократиялык негизде өттү деп эсептейт. Бул тууралуу партиянын маалымат кызматы бүгүн, 5-октябрда жарыялады. 
"Айрым техникалык мүчүлүштүктөргө карабай парламенттик шайлоо жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өттү. Биринчи кезекте жарандар өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү. Шайлоо күчтүү атаандаштыкта жүрдү, партияларга бирдей мүмкүнчүлүк берилди. Утулган партиялар да шайлоонун алдын ала жыйынтыгын таанышып, өздөрүн татыктуу көрсөтүштү",- деп айтылат маалыматта.
"Бир бол" партиясы жаңы системде шайлоо өткөрүүгө президент Алмазбек Атамбаевдин салымы зор болгонун белгилейт. Борбордук шайлоо комиссиясына, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына, ишеним көрсөткөнү үчүн шайлоочуларга ыраазычылык билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан