super.kg logo
  Саясат  

Беларустагы шайлоодо бешинчи жолу президенттикке аттанган Александр Лукашенко жеңишке жетти

 

Алдын ала маалыматтар боюнча, Беларуста өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенко 83,49 пайыз добушка ээ болуп, жеңишке жетти. Маалыматты аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Лидия Ермошинага шилтеме берип 12-октябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Баарына каршы добуш бергендер 6,4 пайызды түзгөн. Лукашенконун атаандаштарынан "Чындыкты сүйлө" жарандык кампаниясынын өкүлү 4,42 пайыз, Либерал-демократиялык партиянын лидери Сергей Гайдукевич 3,32 пайыз, "Беларусь" патриоттук партиясынын төрагасы Николай Улахович 1,67 пайыз добушка ээ болду.

БШКнын маалыматына караганда, жарандардын 87,2 пайызы добуш беришкен. "Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 16-октябрда белгилүү болот",- дейт Ермошина. 

61 жаштагы Александр Лукашенко мамлекет башчы болуп бешинчи жолу шайланып жатат. 1994-жылы президенттик шайлоонун 2-турунда 80,3 пайыз добуш менен Лукашенко президент болуп шайланган. 1996-жылы анын ыйгарым укуктары референдум аркылуу 2001-жылга чейин узартылган. Андан кийин 2001, 2006 жана 2010-жылдары өлкөнү башкарган. 



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.10.2015. 11:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
24-06-2014
Соӊку аракети:
20-11-2018 16:57
Жынысы:
Белгисиз
+3
булар эскиче шайлоону откоргон турбайбы...
12.10.2015. 12:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
22-11-2013
Соӊку аракети:
21-11-2018 09:56
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шоу закончен. Шайлоого акча кетирип жудобой эле шайлоону 20 жылда бир кылып койбойбу. Баары бир тактыдан кетпейт да. СНГнын кетпес президенттери последний герой оюнун ойномой болду окшойт.
12.10.2015. 12:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
300
Катталган:
07-08-2014
Соӊку аракети:
10-05-2018 22:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ай
+1
Биздин бокиев ака да добуш берди бекен кызык)) кандай журот болду экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
118014;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: