9-мартта эки ырчы жигиттен турган “Атуш” тобу Кытайга сапар тартат. Бул тууралуу топтун продюсери Ислам Сатаров билдирди. Белгилүү болгондой, топ аталган өлкөдөгү уйгур диаспорасынын “Иттипак” коомунун чакыруусу менен 3 айлык окууга бара жатат. “Уйгурлардын жоголуп бара жаткан музыкалык аспаптарын сактоо максатында окуу өткөрүлөт. Андан соң күз айларында Кытайда чоң программадагы концерт болот, ага “Атуш” тобу да катышат",- дейт Сатаров.