3-март күнү өткөн “Мисс Россия-2013” сулуулар сынагында 18 жаштагы Эльмира Абдразакова аттуу кыз жеңүүчү болду. Орусиянын Междуреченск шаарынын тургуну болгон бул сулууга 100 миң доллар жана жеңил унаа берилди. Жеңүүчүнүн улуту ким экендиги көпчүлүктүн бүйрүн кызытып турган учурда Абдразакова өзү маалымат жыйын өткөрүп, апасы орус, атасы татар улутунан экендигин айтты. Белгилей кетсек, Эльмира Абдразакова эми “Аалам сулуусу” жана “Дүйнө сулуусу” сынактарына катышып, Орусиянын намысын коргомокчу.