№50-абактан качкан кылмышкерлер тууралуу маалымат үчүн УКМК 300 миң сом сыйлык жарыялады

№50-абактан качкан кылмышкерлер тууралуу маалымат үчүн УКМК 300 миң сом сыйлык жарыялады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Изделип жаткан кылмышкерлер:

Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич 1977-жылы Ош шаарында туулган. Улуту - кыргыз, буга чейин соттолгон. Бою 170-175 сантиметр. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Абдрахманов Эдил Алимжанович 1986-жылы Чүй облусунун Көк-Жар айылында туулган. Улуту -кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 160-165 сантиметр, көзү кара, чачы кара. Бир көзү жабыркаган. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Мусуралиев Азамат Мамасеитович 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес, үйлөнгөн. Бою 170-175 сантиметр. Дене түзүлүшү арык, көзү кара, чачы кара. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Кадыралиев Данияр Кылычбекович 1976-жылы Жумгал районунун Миң-Куш айылында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 170-175 сантиметр. Көзү кара, чачы кара.

Эгер бул адамдар жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, ЖАМК жана ИИМге төмөнкү телефон номурлары аркылуу кайрылыңыз. Анонимдүүлүк сакталат:

ЖАМКтын нөөмөт бөлүмү – (0312 66-04-75)

 

ЖАМКтын ишеним телефону – (0312) 62-65-04

ИИМдин нөөмөт бөлүмү - 66-23-31 же 102.

Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн, дагы 4 кылмышкер изделип жатат. Кылмышкерлер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп чыгып кетишкен. Алардын колунан 3 кызматкер жан берсе, бири оор жаракат алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Medina87
2015-10-15 13:48:34
Кайран акча ... Соопчулук фондуна которулганда ичим ачышмак эмес.
-1
aslan_akjol89
2015-10-15 14:03:23
Medina87, ичинизди ачыштырбай эле коюнуз.Кылмышкерди тапканга комок корсоткон адам элибиз учун пайдалуу иш кылды деп эсептей бериниз.300000сомдон да ашыкча зыян алып келет ал кылмышкерлер бир куну.
+8
Medina87
2015-10-15 14:40:18
aslan_akjol89,
Эч кандай "Сый акысыз" эле неге ИНтерполго"кабарлашпайт,раз оздору табууга коздору жетпесе?? Ал сен жаным, менин комментиме жооп жазбай тема боюнча оз коз карашынды билдирууно каршы эмесмин. Катуу тийсе кечирим отуном?
-8
aslan_akjol89
2015-10-15 21:52:57
Medina87, Катуу тийген жок,отунуч менен кечирим суроонуздун да кажети жок.Мен сиздин оюнузду тушундум.Сиз туура айттыныз.
+2
M89
2015-10-15 13:55:04
300 миң сом берет экен деп эл дүрбөйт экен да. Эчкимге жамандыгы тийбесе экен.
+5
mbk
2015-10-15 14:10:09
баары эле турат
+1
Ailo
2015-10-15 14:21:58
Ошол акчаны качкы чейин Абактын кузотун кучотсо жетет эле кенири.
+4
Elusha88
2015-10-15 14:46:23
Каанча кундон бери таба алышпай журушот, кетчу жагына кетип жетчу жерине жетип деле алышса керек.
+6
Medina87
2015-10-15 14:53:11
КР Интерполго крупппный суммада карыз экенинен кабардар элем. Эмгиче толонбогон экен да???
+2
MIRAN
2015-10-15 15:12:08
Табылып калсын эми,аларды таппаса террористтер дагы бир нерсе кылат.
+5
88inara88
2015-10-15 15:39:18
Каяктан тапмак эми качып бир жерде жатышатда.буларга мындан коп акча которулат ошону жеп бир жерде жататда бироого акча берип тамак ашымы кылып бер деп.эмне болсодо табылып эле калсын.булардын айынан коптогон адамдар зыян тартат
+2
zhykyo
2015-10-15 16:40:54
Мен издеп баштагам буйурса табам
+3
AFFANCULO
2015-10-15 17:10:24
zhykyo, оо молодец тап!!
+2
maksymtegin
2015-10-15 18:15:09
уч жуз мин алам деп кармаганы барсан колуна беш жуз мин берип оюнуну ойно дебейби
+7
powar
2015-10-15 18:25:32
Зыяны тийбесе керек,максат турмодон чыгыш.
+1
orhidea
2015-10-15 23:11:13
Мечиттерден издеп корушпойбу!
-2
Bakush22
2015-10-16 06:16:38
тоо аралап журуулору мумкун деп атышат го, торт кун тоодо эмне кылып журмок эле. Буларды да бир шумшуктор багып жатса керек уйдо. Уймо уй кыдыргыла деп буйрук берсе болмок ар бир айыл окмот башчысына
+1
amanatym
2015-10-16 10:58:02
мен корсом жон эле айтып бермекмин мага корунбой жатат да ....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан