super.kg logo
  Саясат  

Сот Назгүл Түлееванын WhatsApp аркылуу сүйлөшүүлөрүн далил катары кароого макул болгон жок

 

Бүгүн, 15-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда коррупция боюнча айыпталган президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча соттук отурум өттү.

Анын жүрүшүндө Н.Нарымбаевдин адвокаттары судьядан Жогорку Кеңештин имаратындагы видеобайкоочу камераларынан керектүү жазууларды карап чыгууну өтүнүштү. Мындан тышкары жактоочулар Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлееванын WhatsApp аркылуу сүйлөшүүлөрүн жана Х.Коркмазов менен телефон сүйлөшүүлөрүн далил катары кароону суранышты. Судья биринчи өтүнүчтү канааттандырды, ал эми сүйлөшүүлөрдүн жазууларын кароого макулдук берген жок. 

Кийинки соттук отурум 19-октябрга дайындалды.

Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
15.10.2015. 18:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
22-11-2013
Соӊку аракети:
19-11-2018 00:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тулеевдин артынан кетишет го Эми.
15.10.2015. 19:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
11-10-2013
Соӊку аракети:
19-11-2018 10:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Ушуларды сот залындагы темир тордон коруп,коррупцияга каршы курош аз да болсо журуп жатат деп ойлоп калдым.
15.10.2015. 20:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
11-02-2015
Соӊку аракети:
13-03-2018 18:15
Жынысы:
Белгисиз
+14
Урматтуу сот булар дагы ооруп кала электе тезиреек соттоп жиберсениз жакшы болот эле.Эл дагы кичине ишенип калсын.Же сизге да кичине тыйын тыпыр керек болуп жатабы?
15.10.2015. 21:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
127
Катталган:
01-02-2015
Соӊку аракети:
03-09-2018 20:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Булардын соттолушуна менин көзүм жетпей турат..Эртең эле күнөөсү жок деп актап коюушу мүмкүн..эмнеси болсо да өз жазасын алса жакшы болмок..кийнкилерге сабак болуп коррупция аз аздан жоюулмак
15.10.2015. 23:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
15-05-2015
Соӊку аракети:
16-07-2018 09:26
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой бул спектакль азыркы бийлик колдогон иштеп атабыз деген
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117864;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: