Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы 9-сентябрда жаңы килем сатып алууга тендер жарыялаган. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, 3377 чарчы метр, кыргыздын улуттук оюулары түшүрүлгөн, кочкул кызыл түстөгү килемдерди алууга жарыя берилген. Ага жалпы 4 миллион 998 149 сом каралганы жазылган. Мындан сырткары Жогорку Кеңештин жыйындар залы, чоң залдын сахнасына парда алуу үчүн 966 миң сомго тендер жарыяланган.
Учурда интернеттеги социалдык тармактарга дээрлик 5 миллион сомго жаңы сатылып алынган килемдердин сүрөттөрү жарыяланып, кызуу талкууланып жатат.