Бишкекте дарыгерлерди ур-токмокко алуу боюнча "бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Талас облусунун Т.А. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга отургузулду. "Кармалган жаран дарыгерлер келгенде өзүн милиционер деп тааныштырган, бирок анын укук коргоо органдарына эч кандай тиешеси жок", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, 25-октябрдан 26-октябрга караган түнү "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери ур-токмокко алынышкан. Учурда тергөө амалдары уланууда.