"Борбор калаадагы көчөлөрдө жарык берүүчү чырактарды оңдоо иштерине байланыштуу алар күндүз күйгүзүлүүдө. Коопсуздук эрежелери боюнча, оңдоо иштерин күндүз гана кылуу керек. Иштебеген чырактарды аныкташ үчүн аларды күйгүзүү зарыл",- деп жазылат "Бишкексвет" ишканасынын маалыматында.
Эскерте кетсек, 27-октябрда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу Абдрахманов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде 10дон ашуун жарык берүүчү чырак күндүз да күйгүзүлгөнүнө нааразычылыгын билдирген. Анын айтымында, аталган чырактар саат 14:30 чамасында күйүп турган.