КСДП менен "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынын лидерлери сүйлөшүү жүргүзүп, коалициялык көпчүлүккө кирүүнү макулдашышты

Бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен сүйлөшүү жүргүздү. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын басма сөз катчылыгынан билдиришкендей, фракция лидерлери Жогорку Кеңештин, өкмөттүн түзүмү, курамы боюнча сүйлөшүүдө бир пикирге келишти.

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүктү түзүү мандатын КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбековго тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан