29-октябрь күнү кечинде Ош шаарынын күнүнө карата арналган гала-концерт болду. Ош мэриясынан кабарлашкандай, анда кыргыз эстрада ырчылары шаар тургундарына ыр сунушса, Оштогу ар улуттун өкүлдөрү да өз өнөрлөрүн тартуулашты. Концертке 30 миңден ашуун көрүүчү келип, шаңдуу маанайда отурушту.
Андан соң Ош шаарынын күнүнүн урматына фейерверк, салюттар атылды.