Зита Резаханованын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Маалым болгондой, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-октябрда Зитанын каза болгонуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 100 000 сом бөлүү боюнча буйрукка кол койду.
Сиам эгиздеринин бири Зита 29-октябрда каза болгон. Эскерте кетсек, Бишкектеги Улуттук госпиталда көптөн бери дарыланып жаткан сиам эгиздеринин бири Зита жакында үйүнө чыгарылган эле. Анын үй-бүлөсү кыздын абалынын жакшырышына туулган айылы, киндик каны тамган жер жардам берет деген чечимге келишкен. 19-сентябрда Улуттук госпиталдын медицина кызматкерлери кызды үйүнө жеткирип, кеп-кеңеш беришкен болчу.
Сиам эгиздери Зита менен Гита 1991-жылы 19-октябрда төрөлүшкөн жана Сокулук районундагы Западное айылында жашашат. 2003-жылдын 26-мартында Москвада операция жасалып, эгиздер ийгиликтүү ажыратылган. 2013-жылдан кийин Зитанын абалы начарлай баштаган.
Гитанын ден соолугунун абалы туруктуу.