Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында бүгүн, 2-ноябрда ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен шамал болууда. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Гидрометеорология агенттигинин берген маалыматына таянып билдирди. Маалым болгондой, аталган аймакта катуу шамал саат 03:50дө башталган.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кыйроолор жок.