Африкада орусиялык учак кулады. 40ка жакын адам каза тапты, тирүү калгандардын бири - жаш бала

Африканын Түштүк Судан мамлекетинде Ан сериясындагы орусиялык учак кулады. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, жүк ташуучу учак Түштүк Судандын Жуба аэропортунан чыгып, бирок авариялык абалга байланыштуу кайра кайтып келе жатып кулаган. "Кырсыктан каза тапкан 40ка жакын адамдын арасында жерде жүргөндөр да бар экени айтылууда. Ал эми учактын ичинде 5 экипаж мүчөсү жана 15 жүргүнчү болгон. Учактагы 20 адамдын 17си каза болду. Ал эми тирүү калгандардын бири - жаш бала",- деп жазышат басылмалар.

Айта кетсек, буга чейин 31-октябрда 224 жүргүнчүсү менен Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарынан Санкт-Петербургга сапар тарткан орусиялык учак Египеттеги Синай жарым аралына кулаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Aikyz84
2015-11-04 18:19:16
Кудай сактай кор
+2
Aster8710t
2015-11-04 18:22:59
Негизи бул жерде бир мандем бар, орустар да акчага сатылып оздорун оздору кылып жатат. Антпесе андай бир жума ичинде 2 учакапааты мумкун эмес
+2
suli-krsk
2015-11-04 18:47:01
Орустарга депорт болгон кыргыздардын убалы эми тийип жатат!
-4
betsy1
2015-11-04 21:22:17
suli-krsk, депорт болгон жарандар оздору куноолу да закон бузуп. Документтерин тууралап жургондор жакшы эле журот го. Убалы тийгидей Россия эмне кылды аларга
+6
raida
2015-11-04 19:52:13
Orustardyn somoletuna tushson chyn ele korkosun ,eskiligi jetken ,kaldyragan shaldyragan ele bir drundulet.... Jeteer jagyna jetkenche jurogun tushup kalat. En jakshy Turkijanyky ,servisi dagy ,samolettoru da jakshy .
-3
KUMTOR1
2015-11-04 20:24:19
Сириянын берген жообу эмеспи деги????
+1
Medina87
2015-11-04 22:11:57
Жараткандын жазмышы дегенден башка айтарым жок...
+1
korul.alai001
2015-11-04 23:03:41
Эмне болсо да учунчу дуйнолук согуш чыгып кетишинен кудай сактаса экен... болбосо ушу тапта бири бирине болгон коз караштар, мамилелер ушунчалык чыналып турат, а десе б деп анан бадан бадан деп кетчу абалда турат, иши кылып баары тынч бутуп кетсе экен
+3
Gulya.akbaralieva
2015-11-04 23:58:43
Ошончо бийиктиктен кулаган самолет болсо кандайча жаш бала тируу калат????? Болушу мумкун эмес
+1
mega777
2015-11-05 00:59:08
Жашы тээ 40ты "уруп"койгон учак экен,учууга уруксааты жок.Бир бизнесмен өзү билип,өтүгүн төргө илип,нормадан ашыкча жүк салып алып алып учайын деген экен.Жерден аз гана көтөрүлүп барып,кайра жер сүзүп адам жашаган жерди аралап кетип,жерде бейкапар жүргөн адамдардын да убалына калыптыр.Ажал деген ар түрдүү келет тура күнү бүтсө.Бул учактын кулоосун саясатташтырбай деле койсо болгудай.
+2
Sharipa-asia
2015-11-05 02:47:54
Ии тообо не эле болуп жатат орус авиациясы?Тынч бололучу айтор самолотто журуштон деле коркуп калдык
0
nelya88
2015-11-05 03:04:13
Египетте кулаган учак чынында эле ИГИЛ тараптан уюштурулган терракт болушу мумкун.Анткени учактагылардын басымдуу болугу- Питердин тургундары экен,Путиндин жердештери.
0
aziziko
2015-11-05 23:25:14
nelya88, айтканына кошулам жаны эле ВВС кыргыз беруусундо жарылган самолеттун ичинде бомба болгон деп англиялык эксперттер айтып атышат .
0
timarama91
2015-11-05 08:54:22
Эхх россия бир боорум. Дуйного тынчтык орнотом деп аракет кылат аны кайра АКШ бузуп салат. Forbes журналында В. В. Путин эки жылдан бери жылдын эн улгулуу адамы деген наамды бербей келет. Бизге да бир Путинбеков керек го дейм. Алга Россия!! Бир боорун Кыргызстанды да унутпай аартындан ээрчите жур. Кырсыктан каза болгондорго бейиш болсун, а жакындарына сабырдуулук каалайм.
+1
admin_superstan
2015-11-05 11:21:38
omor.86, ар бир колдонуучу өз оюн жазууга укуктуу! Жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз!
Msto005571, маанисиз билдирүү жазбаңыз! Билдирүүлөр өчүрүлдү!
+1
nurik2103
2015-11-05 13:53:41
еч кандай самолет кулабаптырго, ертеден бери россия24ту коруп отурам, бул жанылык чыккан жок
+1
amin1986
2015-11-06 09:30:01
Жакшылык жамандык баары АЛЛАХТАН.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан