Быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 3 миллиард 634 миллион 913 миң долларды түздү. Каржы министрлигинин билдиришинче, мунун 3 миллиард 415 миллион 36 миң доллары - тышкы карыз, 219 миллион 876 миң доллары - ички карыз.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 30-июнуна карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (тышкы жана ички) карызынын өлчөмү 3 миллиард 597 миллион долларды (223 миллиард 283 миллион сом) түзгөн эле.
Үч айда мамлекеттик карыздын суммасы 37 миллион долларга өстү.