Аксы районунун Кара-Жыгач айылында белгисиз адамдар түнкүсүн эшектерди союп, терисин алып кетип жатышат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Бул жерде баш-аягы 40тан ашык эшекти союп, ар жерге ташташкан. Отун, суу ташып тирилигин кылып жаткан жашоочуларга кыйын болуп калды, кээ биринин короосунан эшектерди алып кетип жатышат. Бул нерсе азыркы убакта да кайталанууда. Муну жасаган адамдардын кармалбай жатканы өкүндүрөт, милиция да жардам бербей жатат. Териси "чёрный рынокто" 5000 сом экен деген имиштер бар, ошондой болгон күндө да эти арам, күчү адал жаныбар кор болууда",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.