super.kg logo

Таласта мектеп бүтүрүүчүлөрү 10 жылдык кечени өткөрүүнүн ордуна 7 балалуу жалгыз бой энеге үй куруп беришти (фото)

 

Таластын Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылындагы Ж.Тойчубеков атындагы мектепти 2003-жылы бүтүргөндөр (1985-жылкылар) кече өткөрүүнүн ордуна 7 балалуу жалгыз бой энеге 4 бөлмөлүү үй куруп беришти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын тургундары билдиришти.


Алардын айтымдарында, жергиликтүү мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр акча чогултуп, ал каражатка 7 баланы жалгыз тарбиялаган Гүлбара Курманалиевага үй куруп берүүнү чечишкен.

"Бүтүрүүчүлөрдүн бири Нуркан Сооронбаевдин айтымында, бүтүрүүчүлөр 10 жылдыкты белгилөө боюнча идеяларды талкуулоодо жалгыз бой энеге үй куруп берүү чечими кабыл алынган. Классташтар көптөгөн жакшы нерселерди жасаганга үлгүрбөй каза болуп калган Кабылбек Медетбеков аттуу молдонун үй-бүлөсүнө үй куруп берүүнү колдошкон. Анын алты кызы жана кичинекей бир эркек баласы калган. Жубайынын үй курууга мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми эски үйү урайын деп калган.

Жалпысынан 20 бүтүрүүчү чогулган. Ал эми чет мамлекетте жашап жаткан бүтүрүүчүлөр акча салып жиберишкен. Үйдү жергиликтүү тургундар жана бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн күчү менен бир жыл ичинде курушту. Үй 4 бөлмөлүү. Жаңы үйдүн ачкычын тапшырууда Г.Курманалиева ыраазычылыгын билдирди.

Бүтүрүүчүлөрдүн айтымдарында, үйдүн курулуш материалдарынан тышкары кошумча дагы 300 миң сом жумшалган",- дешет айылдын тургундары.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(36)
09.11.2015. 11:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
24-08-2015
Соӊку аракети:
04-08-2018 07:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Ыйлатчу жашылык го...
Абдан кубанып жатам! Мындай адамдар көбөйө берсин! Аллах ыраазы болсун сиздерден!
09.11.2015. 11:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
04-09-2015
Соӊку аракети:
18-11-2016 03:29
Жынысы:
Белгисиз
-5
Azamatsynar buturuu4ulor. Birok ustanyn walaakylygy okwoyt. Krywasy kiywyk bolup kalyptyr)))
09.11.2015. 11:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
14-10-2015
Соӊку аракети:
26-07-2018 19:40
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах ыраазы болсун.
09.11.2015. 11:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
214
Катталган:
20-04-2014
Соӊку аракети:
10-04-2017 12:23
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы кабарго.
09.11.2015. 11:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
159
Катталган:
27-06-2012
Соӊку аракети:
08-10-2018 17:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Белгисиз
+2
Аллаадан кайтсын силерге.
09.11.2015. 11:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
19-10-2015
Соӊку аракети:
20-02-2018 12:37
Жынысы:
Белгисиз
+2
аябай жакшы иш кылышыптыр кана эле бийликтегилерда жеп олтурбастан ушундай иштерге тын болушса
09.11.2015. 11:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
22-05-2012
Соӊку аракети:
13-11-2018 09:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
молодцы эн туура кылышыптыр
09.11.2015. 12:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
315
Катталган:
24-06-2014
Соӊку аракети:
28-07-2018 16:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия-сити
+2
Аллах разы болсун ушундай инсандарыбыз кобойо берсин! Ичим жылый тушту качан карасан эле зордоп кети урдап кети деген кабар окуп кыргыз элим эмне болуп атабыз деп корктум эле. Мына жакшы инсандарыбызда бар экен! Рахмат супер ушундай инсандарыбызды кобурок берсенер!!
09.11.2015. 12:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
16-05-2014
Соӊку аракети:
31-12-2015 17:02
Жынысы:
Белгисиз
+2
ОО жакшы идея. Мындан ары бардык жерде салтка айланып калса жакшы болмок.
09.11.2015. 12:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
330
Катталган:
29-03-2014
Соӊку аракети:
29-05-2016 10:25
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла ыраазы болсун,азаматтар эстуу балдар кыздар экен,башкаларга чоон улгу болдунар
09.11.2015. 12:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
484
Катталган:
30-10-2014
Соӊку аракети:
12-10-2018 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстаныбызда азамат жигиттерибиз
бар экен го.Силердей уулдарды
остургон атанарга рахмаат жигиттер.
Оркунунор осо берсин.
09.11.2015. 13:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
04-11-2015
Соӊку аракети:
15-03-2018 07:48
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах ыразы болсун...жакшылыктар эле боло берсин
09.11.2015. 15:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
04-10-2011
Соӊку аракети:
08-03-2018 13:54
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай колдоп, ишинер алдыга жылсын.
09.11.2015. 16:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
793
Катталган:
12-08-2013
Соӊку аракети:
03-05-2018 12:09
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рахмат тарбия коргон эл экен. Ошол айылдын карыяларына, мугалимдерине, айыл окмотуно,имамына , жаштарына ыраазымын. Аллах колдосун.
09.11.2015. 16:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
12-08-2015
Соӊку аракети:
08-08-2017 14:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай сонун жанылык. Бар болгула.
09.11.2015. 17:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
26-07-2018 16:13
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эң сонун идея. Аллах ыразы болсун. Аябай сонун иш. Бекерле бир кечеге мынча акча сарптап өткөргүчө ушундай иш кылса болоткен го. Баардыгынан аллах ыразы болсун.
09.11.2015. 17:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
14-11-2018 18:36
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бали!
09.11.2015. 19:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
467
Катталган:
13-02-2015
Соӊку аракети:
20-07-2018 22:13
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн жакшы идея! Ушундай жаштардын кобоюп, кийинкилерге сабак болуп журо беришсин!
09.11.2015. 19:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
229
Катталган:
26-06-2015
Соӊку аракети:
14-11-2018 08:06
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жанылык,азаматтар ,ушулардан улгу алышса. Топурап чогулушуп жылкы сойушуп беш кун майрамдагандан коро жакшы иш жасашыптыр.
09.11.2015. 20:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
282
Катталган:
07-01-2014
Соӊку аракети:
25-05-2018 21:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы жакшы.
09.11.2015. 20:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
05-06-2015
Соӊку аракети:
06-11-2018 01:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым ушул сооптуу ишти ишке ашыруучарга бейиштен хан сарай даярдайт деп дуба кылалы. Азаматтар!
09.11.2015. 20:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
03-07-2015
Соӊку аракети:
07-11-2018 17:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Сулукту шаары
+1
Эмне дешти билбей турам ! Алла ыраазы болсун!
09.11.2015. 21:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
239
Катталган:
10-03-2015
Соӊку аракети:
21-09-2018 08:01
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акылдуу бутуруучулор экен! Эми дайыма ушундай сооп иш кылуу салтка айланса экен! Ичип алышып кеченин кандай отуп кеткенин билбей эле калган бутуруучулор канча десен. Мындайда бутундой олкого жанылык болду. 20 сын тен жана жардамга келген айыл элин кудай колдосун! Кудайдан кайтсын!
09.11.2015. 21:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
30-12-2014
Соӊку аракети:
21-04-2016 14:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+1
ушундай иштерге "завидовать" этиш керек
09.11.2015. 21:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
04-01-2015
Соӊку аракети:
21-08-2017 11:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Смартфон кетти окшойт ушуга
09.11.2015. 22:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
107
Катталган:
31-05-2012
Соӊку аракети:
13-02-2018 22:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
KG ♥
+1
Алла ыраазы болсун! Сообу силерге тийсин.....
10.11.2015. 00:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
30-08-2015
Соӊку аракети:
20-10-2018 12:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соз жок Айколсунор Манастай бар болгула
10.11.2015. 03:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
10-08-2015
Соӊку аракети:
24-01-2016 04:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалгыз бой энеге 7- баланы багуу аябай кыйын. Эжеге боорум ачып жатат. Эже киви кошелек , же банктан счет ачсаныз, и Супер-инфо жарыялап койсо , колдон келишинче акча салып турат элем. Эже кыйынчылыктар болсо смс жазыныз обратный звонок кылам : +7925-292-12-02
10.11.2015. 11:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
271
Катталган:
10-02-2012
Соӊку аракети:
10-08-2016 14:50
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматтар!! башкаларга үлгү болсун. эми башка аймактардан ушул сыякту иш кылганы боюнча кабарлардан окуйлу
10.11.2015. 20:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
06-03-2012
Соӊку аракети:
27-09-2018 06:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эски шаар
0
Толкунданып кеттим козумдон жаш чыгып...Мына,патриоттор деп ушул жигиттерди айтса болот!Чон соопко калыпсынар,Аллах ыраазы болсун!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117550;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: