12-ноябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары конокто Австралия курамасы менен беттешет. Бул беттеште көрүнүктүү футболчуларыбыз Антон Землянухин, Мирлан Мурзаев жана Дениэл Тего улуттук курамага жардам бере алышпайт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, "Раднички" клубунда ойногон жарым коргоочу Антон Землянухин Сербиянын лигасынын 17-турунда жеңил жаракат алган. Ошондой эле машыгуу учурунда алган жаракатынан улам коргоочу Дениэл Тего Австралияга бара алган жок. Чабуулчу Мирлан Мурзаев болсо документтерге байланышкан маселелерден улам курамга алынган жок.
Федерация бул 3 футболчу 17-ноябрда Иордания менен болчу беттешке Бишкекте даярдык көрөрүн билдирет.