Бишкекте тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын Кубогуна арналган мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

9-мартта борбор калаада тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын Кубогуна арналган мелдеш соңуна чыкты. Маалым болгондой, оюн швейцариялык системде өтүп, анда “Классика” түрү 9 айлампадан, “Блиц” түрү 7 айлампадан болду. Мелдешке 7 облустун, Бишкек жана Ош шаарынын тогуз коргоол боюнча курама командаларынан 195 спортчу катышты. Айта кетсек, кыздар арасындагы мелдеште Эльмира Кудайбергенова жеңүүчү аталды. Ал эми эркектер арасында оюндун “Классика” түрүнөн Анарбек Жамакеев, “Блиц” түрүнөн Саламат Бактыбек уулу 1-орунду ээлешти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан