Атаандаш команда бир топ мыкты болгонун моюнга алуу керек. Бул оюнда атаандаштар мындан да ири эсепте жеңишке жетүүсү мүмкүн эле, бирок коргоочулардын, дарбазачынын аракети буга жолтоо болду. Бардык футбол сүйүүчүлөрүн маанайды чөгөрбөөгө чакырабыз. Кайсы бир күнү биздин футболчулар да жеңишке жетишет.
Беттеш 3:0 эсебинде жыйынтыкталды. Австралия курамасы бул күнү 3 упайга ээ болду.
90-мүнөт. Беттеш калысы негизги убакытка 3 мүнөт кошуп берди. Кыргыз футболчулары чабуул уюштуруу аракетин көрүп жатышат. Дарбазачы Павел Матяш катары менен узатылган дагы 2 соккуну тосуп алды.
Майдандан дарыгерлер алып кеткен Азамат Байматовдун жаракаты оор болушу мүмкүн деп божомолдонууда.
82-мүнөт. Австралиялыктар топко ээлик кылууну улантышууда. Кыргыз футболчуларынын аракеттери эч натыйжа бербей жатат.
77-мүнөт. Оюнда жаракат алган Азамат Байматовдун ордуна майданга Тамерлан Козубаев чыкты.
69-мүнөт. Гол! 3:0. Австралиялыктар эсеп катыштыгында кыйла алдыга чыгышты. Бурчтан чыгарылган топту чабуулчубуз Ильдар Амиров өз дарбазабызга киргизип алды.
61-мүнөт. Алгачкы голду жараткан Миле Единак машыктыруучу тарабынан Том Рожик менен алмаштырылды.
58-мүнөт. Кыргыз футболчулары бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, бирок кооптуу кырдаал жаратуу мүмкүн болгон жок.
56-мүнөт. Оюнга жаңы чыккан Кайрат Жыргалбек уулу атаандашка карата орой ойногондугу үчүн сары айып кагазын алды. Бул оюндагы экинчи сары айып кагазы. Буга чейин Ислам Шамшиев 1-таймда жазаланган.
Голду команданын тирүү легендасы, №4-катар санында ойногон Тим Кэхилл киргизди. Эсеп 2:0.
49-мүнөт. Австралиялыктар экинчи голун жаратышты.
46-мүнөт. 2-тайм башталды. Машыктыруучу мамлекетибиздин футболдук курамынан Иван Филатовдун ордуна Кайрат Жыргалбек уулун майданга чыгарды.
45 мүнөт ичинде атаандаштар топко көбүрөөк ээлик кылышууда. Пайыздык көрсөткүчкө көз сала турган болсок, 27,1 пайыз 72,9 пайызга каршы.
Командалар 15 мүнөттүк эс алууга кетишти. Бул аралыкта 1-таймда катталган сандарга орун берели. 45 мүнөт ичинде австралиялыктар дарбазаны көздөй жалпысынан 14 топ узатышкан. Анын 7си дарбазага таамай багытталган. Ал эми кыргыз футболчулары бул жагынан мактана алышпайт, себеби азырынча футболчуларыбыздын эсебинде 1 гана сокку бар.
25 миң күйөрман батыра ала турган стадион толугу менен толгон сыяктуу, анткени стадиондо бош орун байкалбайт.
Алгачкы тайм 1:0 эсебинде аяктады.
45-мүнөт. Беттеш калысы негизги убакытка 3 мүнөт кошту. Оюн кызуу уланууда.
40-мүнөт. Гол! Ислам Шамшиев атаандашына карата орой ойноп, пенальти алып келди. 11 метрлик айып соккусун Миле Единак таамай аткарып, эсепти ачты.
38-мүнөт. Дарбазачы дагы бир топту чыгарды.
36-мүнөт. Каршылаштардын капитаны Миле Единак алыстан сокку узатты. Топту капитаныбыз Талант Самсалиев тосконго аракет кылды. Бактыга жараша, топ дарбазадан ашып кетти.
Оюндун 34-мүнөтү өтүп жатат. Эсеп дагы да болсо 0:0.
Дарбазачыбыз Павел Матяш арты-артынан узатылган 2 соккуну чыгарды. Анын бул кадамын күйөрмандар жогору баалашты.
Коргоочу Азамат Байматов кезектеги чабуулду уюштурду.
Австралиянын машыктыруучусу Ангелос Постекоглунун жүзүнөн түйшөлүүнү көрүүгө болот. Кыргыз футболчулары каршы чабуул уюштуруп жатышат. Ал эми атаандаштар мүмкүнчүлүктөрүн бошко кетиришүүдө.
Оюндун 15-мүнөтүндө Австралиянын футболчулары гол жаратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, бирок дарбазачы жана дарбаза түркүгү голдон сактап калды.
Кезектеги чабуулдан кийин футболчуларыбыз бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Үй ээлеринин коргоочулары топту сыртка чыгарышты. Бул чабуул Ильдар Амировдун оффсайд абалында болгону менен жыйынтыкталып, үй ээлери топко ээ болушту.
Оюндун 10-мүнөтү болуп жатат. Ылдамдык баштагыга караганда солгундап калды. Валерий Кичин алыстан сокку узатты. Тилекке каршы, анын тобуна коргоочу блок коюп, дарбазага багытталган топтун багытын өзгөртүп койду.
Азырынча топко көбүнчө австралиялык футболчулар ээлик кылып жатышат. Кыргыз футболчулары көбүрөөк коргонууга мажбур болушууда.
Австралия курамасы арты-артынан чабуулдарды уюштурууда. Албетте, кыргыз курамасынын машыктыруучусу Александр Крестинин оюнчуларга тиешелүү тапшырмаларды берип жатат.
Оюн башталды. Австралия курамасы ортодон баштап, алгачкы чабуулун уюштурду. Тим Кэхиллдин тепкен соккусун кыргыз дарбазачысы тосуп алды.
Учурда Австралия курама командасынын жана Кыргыз Республикасынын оюнчулары мамлекеттик гимнди аткарып бүтүштү. Алар майданды тандап жатышат.
Кыргыз Республикасынын курама командасында негизги курамда төмөнкү футболчулар чыгат:
Дарбазачы: Павел Матяш
Коргоочулар: Валерий Кичин, Талант Самсалиев, Виктор Майер, Азамат Байматов
Жарым коргоочулар: Ислам Шамшиев, Эдгар Бернхардт, Бахтияр Дүйшөбеков, Фархад Мусабеков
Чабуулчулар: Ильдар Амиров, Иван Филатов
Ал эми аларды кошумча күч катары машыктыруучу оюндун өнүгүшүнө төмөнкү футболчулар менен алмаштырат: Валерий Кашуба (дарбазачы), Курсан Шератов, Тамирлан Козубаев, Турсунали Рустамов, Азиз Сыдыков, Кайрат Жыргалбек уулу, Виталий Люкс.
Оюн алдында командалар майданга негизги курамда чыга турган 11ден футболчунун тизмесин жарыялашты.
Бүгүн, 12-ноябрда Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары Канберра шаарында Австралия курамасы менен беттешет. Беттеш саналуу мүнөттөрдөн кийин туура 15:00дө башталат.