Криштиану Роналду ноябрда тасманын бет ачарын өткөрдү, кыз издеп "кастинг" өткөрүүдө жана 19 миллион еврого учак сатып алды

21-ноябрда Испания чемпиондугунун 12-турунда “Реал” жана “Барселона” футболдук клубдары өз ара ойношот. Мадридде өтө турган беттеш алдында “Барселонанын” лидери Лионель Месси жаракатынан айыкканы тууралуу маалымат тарады. Анын бул оюнда майданга чыгуусу толук мүмкүн. Ал эми “Реалдын” лидери Криштиану Роналду быйылкы сезонду мыкты деңгээлде өткөрүп жатат. Ал футбол майданынан тышкары да көптөгөн жаңылыктарды жаратууда. Ноябрь айында футболчунун атына байланышкан окуяларга кенен токтолууну туура көрдүк.

ИРИНА ШЕЙКТИН ОРДУН ТОЛУКТОО ҮЧҮН “КАСТИНГ” ӨТКӨРҮП ЖАТАТ

Футболчу учурда бир канча кыз менен мамиле куруп жатканын айтты. Анын айтымында, бул мамилелер "кастинг" иретинде өтүүдө. Жыйынтыгында ал көп кыздардын ичинен сүйүктүүсүн тандап алмакчы.

"Мен учурда көп кыз менен мамиле куруп жатам. Кимиси менен түбөлүктүү мамиле кура турганымды чече элекмин. Алардын көбү менин өз алдымча “кастинг” уюштуруп жатканымды билишет. Бул мен үчүн кадимки көрүнүш. Чынында, тандоо кыйын болуп жатат. Айымдардын көбү менин атактуу болгондугум үчүн мени менен мамиле курууга макул болуп жатышат. Бардык атактуулар мындай көрүнүшкө туш болушат. Мен узун бойлуу, тиштери ордунда жайгашкан ишенимдүү жигитмин!"- дейт футболчу.

P.S. Криштиану 2010-жылдан тарта орусиялык топ-модель Ирина Шейк менен мамиледе болуп келген. Түгөйлөр 2015-жылы январда эки ажырым жолго түшүшкөн.

19 МИЛЛИОН ЕВРОГО БААЛАНГАН УЧАК САТЫП АЛДЫ

КриРо күйөрмандарын таң калтыруудан тажабайт көрүнөт. Ал апта башында жеке учак сатып алды. Gulfstream G200 үлгүсүндөгү учак 19 миллион еврого бааланган. Учактын бортунда 10 адамга орун бар. Ошондой эле душ, гардероб, ашкана, телефон орун алган. Бул учактын бортунда футболчу алгачкы сапарын Мадрид шаарынан Лондон шаарына жасады. Бул шаарда өзү тууралуу тартылган тасманын бет ачары өткөрүлдү.

P.S. 19 миллион евро - Криштиану Роналдунун “Реалдагы” 1 жылдык маянасы.

БЫЙЫЛ “АЛТЫН ТОП” СЫЙЛЫГЫН ЛИОНЕЛЬ МЕССИ АЛАРЫН АЙТТЫ

Акырындык менен жыл аяктап баратат. Жакында 2015-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, дүйнөнүн мыкты футболчусуна ыйгарылуучу “Алтын топ” сыйлыгы ээсин табат. Роналду бул сыйлыкты быйыл ким ала турганы тууралуу суроого жооп берип жатып төмөнкүлөргө токтолот:

"Албетте, сыйлык ээси добуш берүү жолу менен аныкталат. Ошентсе да Лионель Мессинин бул сезондо Чемпиондор Лигасын, өлкө чемпиондугун утканын эске алам. Ким чемпиондук наамга ээ болсо, “Алтын топ” алууга мүмкүнчүлүгү жогору. Мен дагы да болсо жашмын. “Алтын топ” сыйлыгын алганга мүмкүнчүлүктөрүм бар. Дагы 6-7 жыл ойноону пландап жатам.

Өзүм тууралуу айтсак, өткөн сезон менин карьерамдагы мыкты сезон болду. Мен Европадагы лигалардын алдынкы бомбардири болдум. Биз Месси экөөбүз 8 жылдан бери футболду жогорку деңгээлде ойноп келебиз. Буга чейин биз жетишкен ийгиликтерге эч ким жетишкен эмес. Месси экөөбүз дос эмеспиз, ошентсе да бири-бирибизди сыйлайбыз".

P.S. “Алтын топ” сыйлыгынын ээси 2016-жылы 11-январда белгилүү болот.

АРАКЕЧ АТАСЫН, ӨЗҮНҮН КӨШӨГӨ АРТЫНДАГЫ ЖАШООСУН ЧАГЫЛДЫРГАН ТАСМА ТАРТЫЛДЫ

Голливуддук "Universal" киностудиясы футболчунун өмүр жолу, ийгилик сыры тууралуу тасма тартты. “Роналду” деп аталган тасманын тартуу иштери 2014-жылы январь айында башталган. Бул тасмада футболчунун көшөгө артындагы жашоосу, аракечтикке берилген атасы, үй-бүлөсү жана достору тууралуу баяндалат. Тартуучу топ 14 ай бою футболчуну съёмкага түшүрүп, жанынан чыккан эмес.
Лондондо өткөн тасманын бет ачарына Алекс Фергюсон, Карло Анчелотти, Жозе Моуринью сыяктуу машыктыруучулар жана Гари Невилл, Луи Саа, Радамель Фалькао өңдүү футболчулар келишкен.

P.S. Бул кечеге “Реалдын” бир дагы футболчусу келбегенин дүйнө эли талкууга алды.

ПСЖ КЛУБУ РОНАЛДУНУ 300 МИЛЛИОН ЕВРОГО САТЫП АЛУУГА ДАЯР

Роналду 2009-жылдан тарта “Реалдын” курамында ойноп келет. Ал 6 жыл ичинде 330га чукул гол жаратып, аталган клубдун тарыхындагы мыкты бомбардирге айланды. Серепчилер футболчунун клубдагы бардык максаттарына жеткенин, эми ПСЖ клубуна кетерин болжошууда. Айрым маалыматтар боюнча, ПСЖ футболдук клубу Роналду үчүн “Реалга” 125 миллион евро сунуштап жатат. Эгер “Реал” бул сунушка көнбөй турган болсо, 300 миллион евро сунушталат. Бул үчүн Европанын футбол ассоциациясынан (УЕФА) уруксат алууга туура келет.

“Реал” менен ПСЖ клубунун Чемпиондор Лигасындагы оюну бул маселенин көбүрөөк талкуулануусуна алып келди. Анда Роналду ПСЖнын машыктыруучусуна барып, “Силер жакшы ойнодуңар. Сиз менен иштешүүгө неге болбосун?” деген оюн айткан. Мындан улам анын Парижди көздөй жөнөөсү мүмкүн экенин болжогондор көп.

P.S. ПСЖ жакын аралыкта Чемпиондор Лигасын утууга аракет көрүүдө. Роналду клубдун лидери Златан Ибрагимовичтин ордуна алынышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
bazarkyl
2015-11-13 15:19:06
Максат жакшы жанылык болуптур. Ишине ийгилик каалап, дагы ушул сыяктуу жакшы жанылыктарынан кутобуз.
+2
Добрый
2015-11-13 15:52:58
Роналдунун псж га барышын колдойм
0
bektursun2010
2015-11-13 15:53:51
oa kutup kalabyz
0
Akabai
2015-11-13 15:57:58
Тиштерим жайында дейби
0
Kunbeken
2015-11-13 16:11:55
Киносун коруу керек экен... Жаш туруп чексиз ийгиликке жетти. Алга(мен суйгон футболчу)дагы да болсо ийгилик.
+3
AKCHA
2015-11-13 16:33:17
Киносун корууго кызыгып калдым мен да
+1
Patriot...kg
2015-11-13 18:43:33
Эркек
0
DIMARAT
2015-11-13 19:16:10
дордойго алып келем эл не десе ошо десин
+5
bolsunalban
2015-11-14 03:26:17
DIMARAT, Алып келчи, атасынын көрү десең. Жакшы эле чыдадык эл эмне дейт деп.
+1
borbuk
2015-11-13 20:22:41
Молодец
0
ILYAS181296
2015-11-13 23:18:02
Киносу чыгыптыыыр....
0
Tima07
2015-11-14 00:43:32
билишимче мурун эле самалёту бар элего. тактап жазссанар?
0
beben
2015-11-14 14:55:38
Мен Мессини баалайм анын жонокой аялы ширин баласы бар футболдо жараткан ийгиликтери кызыктырбайт
0
aytkulova
2015-11-14 18:11:49
Роналду Ирина Шейх менен соонун пара болчу, анын ордун баса турган кыз таппаса керек))
0
Altysh_Boldush
2015-11-15 00:37:38
Эркек эркектей болгону жакшы. Кулак сойкосун кара.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан