реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG
super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги жана "Супер-Инфо" гезити окуучулар арасында дил баяндар сынагын жарыялайт

 

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги жана өлкөбүздүн ММКлары окуучулар арасында "Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм" аттуу дил баяндар сынагын жарыялайт. Жалпыга маалымдоо каражаттарына өз-өзүнчө аймактар бөлүштүрүлгөн. Буга ылайык, "Супер-Инфо" гезити Нарын облусундагы мектеп окуучуларынын арасынан жеңүүчүнү аныктайт жана дил баяндарды konkurs@super.kg электрондук почтасы аркылуу кабыл алат.

Сынактын жыйынтыгы редакциялык кеңештин чечимине ылайык чыгарылат. Ар бир облустан, Бишкек жана Ош шаарларынан бирден жеңүүчү (жалпысынан 9 окуучу) Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин диплому менен сыйланат жана кышкы каникулду Малайзияда өткөрүүгө жолдомого ээ болот. Жеңүүчүнүн сапарынын чыгымы (барып-келүү, жатакана, эртең мененки тамак) Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги тарабынан каржыланмакчы.

Сынактын максаты:

- Окуучулардын билим алуусуна шык берүү;

- Балдардын жана улуулардын көңүлүн өз өлкөсүндөгү табигый, маданий жана тарыхый мурастарга буруу;

- Патриоттук сезимин күчөтүү;

- Өз өлкөсүндөгү табигый жана маданий баалуулуктарга аяр мамиле жасоого тарбиялоо;

- Мамлекеттин көйгөйлөрүнө кайдыгер эмес адамдарды аныктоо жана сыйлоо.

Сынактын шарттары:

1. Катышуучулардын курагы 12-15 жаш (2000-2003-жылдары туулгандар).

2. Ар бир катышуучу чет өлкөгө чыгуучу паспортко ээ экенин же аны 2015-жылдын 25-декабрына чейин алууга мүмкүнчүлүгү бардыгын, ошондой эле эч кандай тоскоолдуксуз чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин кепилдендириши шарт.

3. Аталган сынакка катышуу жана сынактык материалдарды жөнөтүү белгилүү мөөнөткө сапарга чыгууга керектүү бардык документтерди тоскоолдуксуз берүүгө балдардын ата-энелеринин макулдугу бар экенин билдирет.

4. Сынак 2015-жылдын 17-ноябрынан 17-декабрына чейин жүргүзүлүп, эмгектерди кабыл алуу 17-декабрда саат 17:00дө токтотулат.

5. Сынакка дил баяндар кыргыз, орус тилдеринде кабыл алынат.

6. Сынактын жыйынтыгы 2015-жылдын 20-декабрына чейин чыгарылат.

7. Сынак боюнча редакцияга жиберилген эмгектер кайра кайтарылбайт, аларга рецензия берилбейт.

8. Тийиштүү талаптарга жооп бербеген жана буга чейин башка сынактарда байгелүү орунду алган эмгектер сынакка катыша албайт.

Жеңүүчүнү редакциянын өкүлү коштоп жүрөт.

Сынактык дил баяндарды кабыл алуудагы электрондук даректер:

1. Нарын облусу: konkurs@super.kg (“Супер-Инфо” гезити)
2. Жалал-Абад облусу: webeditor@rferl.org ("Азаттык" радиосу)
3. Ош облусу: eltr_ktrk@mail.ru (ЭлТР телеканалы)
4. Ош шаары: ayk_84@mail.ru (НТС телеканалы)
5. Баткен облусу: zkanal@mail.ru ("7-канал" телеканалы)
6. Чүй облусу: zanoza.kg@gmail.com ("Zanoza.kg" сайты)
7. Бишкек шаары: konkurs@vb.kg, aida-kuzia@mail.ru ("Вечерний Бишкек" гезити)
8. Талас облусу: forum0312@gmail.com ("Фабула" гезити)
9. Ысык-Көл облусу: kabarlar.kg@gmail.com ("Кабарлар" сайты)


кошулду


 
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 
Комментарийлер(63)
16.11.2015. 21:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
162
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
23-05-2017 16:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас
-2
Аааааа
16.11.2015. 22:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
19-08-2014
Соӊку аракети:
04-07-2016 14:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаштарга эн сонун мумкунчулук. ийгилик
16.11.2015. 23:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
27-03-2013
Соӊку аракети:
12-12-2017 14:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
" Жетинчи асман"
+3
Мисалы: Ошондо бир телеканалдын коруучулору аныктайбы женуучуну, анан женуучу аныкталды дейли 5 кундо паспорт алганга улгуробу Нарын же Баткендин катышуучулары.
17.11.2015. 17:39 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8151
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
12-12-2017 13:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Rakyl12, саламатсызбы!
Жеңүүчүнү телеканалдын көрүүчүлөрү же окурмандары эмес, редакция, телеканал өзү аныктайт.
Ал эми документ боюнча, сынактын шарттарындагы 2-пунктта жазылган: "Ар бир катышуучу чет өлкөгө чыгуучу паспортко ээ экенин же аны 2015-жылдын 25-декабрына чейин алууга мүмкүнчүлүгү бардыгын, ошондой эле эч кандай тоскоолдуксуз чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин кепилдендириши шарт."
01.12.2015. 08:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
20-05-2014
Соӊку аракети:
18-02-2017 21:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
USA
0
Rakyl12, 3 kundo alsa bolot dokumentterdi.
17.11.2015. 10:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
289
Катталган:
03-12-2014
Соӊку аракети:
07-07-2016 10:18
Жынысы:
Белгисиз
0
эн жакшы саамалык.
17.11.2015. 15:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
16-01-2014
Соӊку аракети:
28-09-2017 07:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Эн жакшы.Супер дагы коп-коп конкурстарды уюштуруунарга ишенебиз
17.11.2015. 16:33 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8151
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
12-12-2017 13:57
Жынысы:
Белгисиз
0
MAKSLEO, темадан алыс билдирүүңүз өчүрүлдү.
17.11.2015. 17:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
27-03-2013
Соӊку аракети:
12-12-2017 14:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
" Жетинчи асман"
0
Админ жооп берип койгулачы?
17.11.2015. 17:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
02-02-2012
Соӊку аракети:
08-07-2017 14:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Kyrgyzstan
+2
Admin, men taktoo iretinde oidodo suroo berdim ele, mumkun bolso joop kaitaryp koisonor jakshy bolot ele!!!
18.11.2015. 18:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
05-05-2015
Соӊку аракети:
25-06-2016 15:05
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсызбы Супер-инфо!Мигранттардын балдары бара алабы?Алар ата-энесинин макулдугун кантип алышат?
19.11.2015. 15:55 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8151
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
12-12-2017 13:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Acerkg, саламатсызбы!
Танкы тамак - турпакеттин стандарттык шарты.
20.11.2015. 00:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
05-05-2015
Соӊку аракети:
25-06-2016 15:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энеси чет мамлекетте болсо уруксатын кантип алышат?
24.11.2015. 11:28 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8151
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
12-12-2017 13:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaka1978, саламатсызбы!
Кандай жол менен болсо дагы окуучу ата-энесинин уруксатын сөзсүз алышы керек.
20.11.2015. 11:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
04-05-2014
Соӊку аракети:
11-12-2016 20:03
Жынысы:
Белгисиз
0
чет өлкөгө чыгуучу паспорт 25 декабрына чейин болуш керекпи?
20.11.2015. 11:43 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8151
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
12-12-2017 13:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Argen.2000.kg, саламатсызбы!
Чет өлкөгө чыгуучу паспортту 2015-жылдын 25-декабрына чейин алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдириши керек.
20.11.2015. 12:45 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8151
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
12-12-2017 13:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Acerkg, саламатсызбы!
Түшкү жана кечки тамакты барган тарап өзү каржылайт.
20.11.2015. 13:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
02-02-2012
Соӊку аракети:
08-07-2017 14:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Kyrgyzstan
0
Adminden 2kundon beri aran joop aldym. Aitaiyn degenim... Eger, elchilik dengeelde jana superdin koldoosu menen uiushturulup atkan bolso, ozgocho jash okuuchular uchun, emnege baardyk chygymdar karjylanbait??? Kylychbek Kamchyevich, sizden suranych, bolgonu 9 jash okuuchular barsa, baardyk chygymdardy, oshol ele uchurda, tushuku jana kechki tamaktaryn kamsyzdap koisonuz jakshy bolmok!Kyrgyzda jakshy soz bar, "Jakshy aityrbai bilet, suratpai beret!!! Aldyn ala chon rahmat!!!
23.11.2015. 17:55 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8151
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
12-12-2017 13:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Acerkg, саламатсызбы!
Кылычбек Камчыевичтен жооп алдык, "кам санабагыла, эч кимди ачка калтырбайм" деди. Эгерде сиз дагы салым кошом десеңиз, дагы кошумча балдарды алып келүүгө жардам берсеңиз болот. 1 балага чыгым 1500 доллардын тегерегинде экен.
24.11.2015. 12:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
02-02-2012
Соӊку аракети:
08-07-2017 14:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Kyrgyzstan
0
admin_portal, Salamatchylyk!
Joop kaitarganynarga teren raazymyn, chon rahmat! Myndai joop men uchun ele emes, jalpy ele uchun kubanychtuu! Kylychbek Kamchyevichtin ishine iigilikter bolsun, myndan ary kozdogon maksattary orkundoi bersin!
Acerkg түзөттү 2015-11-24 12:38:49
21.11.2015. 23:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
24-02-2014
Соӊку аракети:
08-12-2017 01:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунусунада рахмат,жакшы иш,коп-коп ийгилик,бул адамдарга койсон тантырай берет.
22.11.2015. 12:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
14-03-2015
Соӊку аракети:
12-12-2017 08:46
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматту супер ушул конкурсту корупциясыз аныктап бергилечи.мен уулумду катыштырайын деп ойлоп ал оюмдан кайттым.баарибир корупция болуп кетет деп.бизге окшогон ата энелер коп да акыйкат чечип бергиле .жаш балдардын шагын сындырбай.окуучуларга ийгилик!паспортту оной эле алабызбы?
22.11.2015. 23:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
11-12-2017 02:36
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кылыптыр ушундай окуу жактан жарыштарды коп откоруп турса биздин келечектеги жаш муундар окууга талпынары чексиз.
23.11.2015. 11:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
30-11-2011
Соӊку аракети:
11-12-2017 18:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Кучтуу даярданып андан кийин бул жагы кыргызчылык болуп кетсе (коррупция) ошошндо даана облом болбойбу балдар,?шагы сынып?Ошондо окугандан даана конулу калат балдардын.Мага жакпады бул оюн.Же дил баяндамасы телеберуудон корсотулуп,смс упай топтоо менен женуучуну аныкташ керек.
23.11.2015. 18:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
22-04-2016 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кереметтүү Көк-Арт өрөөнү.
0
Жакшы жышаан Кылычбек агайдын иштерине иийгилик каалайм! Ар дайым талыкпастан эл учун кызмат кыла бериниз! Айтмакчы бул сынакта Нарындан Бермет карындаш утканы калды)) (тамаша)
23.11.2015. 18:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
22-04-2016 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кереметтүү Көк-Арт өрөөнү.
+1
Урматтуу супер.kg нин жамааты сынака катышкан окуучулардын эмгектерин сайтка жарыялап турбайсыздарбы? Биз дагы окуп баа берип кубанып коштоп туралы.
basyz-kaman. түзөттү 2015-11-23 18:26:19
24.11.2015. 11:29 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8151
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
12-12-2017 13:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
basyz-kaman., саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат.
24.11.2015. 10:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
12-06-2014
Соӊку аракети:
17-09-2016 15:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтып атышат коррупция болуп кетет
26.11.2015. 01:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
22-02-2012
Соӊку аракети:
08-07-2016 03:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmattuu super info, silzderge chon suranych, Kuala Lumpurga kaisy sayttan arzan(Otel, uchak, jashoo all inklusive) baryp kelse bolot, maalymat berip koisonuzdar abdan kubanychta bolot elem.Sizderge kairylgandygymdyn sebebi kop jyldyzdardy ketirip jurosuzdor go. Kupuyama kat jazyp koisonuzdar abdan kubanychta bolom. Rahmat
26.11.2015. 11:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
12-02-2015
Соӊку аракети:
12-12-2017 02:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Студенттер деле катышсынчы)))
26.11.2015. 12:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
10-02-2015
Соӊку аракети:
04-11-2017 20:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
0
саламатсыздарбы админ
.oms,куболук мн ата энесинин доверносту болсо чыкса болобу.
26.11.2015. 17:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
27-01-2015
Соӊку аракети:
03-06-2016 12:40
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жюрилер коррупция жол бербей турган компаниялар экен. Ата-энелер ии минтип кетет антип кетет дебей балдарынарды катыштыргыла,чамдагыла. Менин кызым жаш курагы туура келгенде созсуз катыштырмакмын. Кылычбек ага азаматсыз,ишинизге ийгилик!!!
28.11.2015. 13:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
17-05-2015
Соӊку аракети:
25-04-2016 15:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Вечерка орус тилдуу гезит, кыргыз тилинде жазылган дил баянды откорбой коюшпайбы (Бишкекте)?
28.11.2015. 15:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
02-11-2013
Соӊку аракети:
02-12-2017 12:09
Жынысы:
Белгисиз
-1
Силер кызыксынарго, урматтуу окурмандар озунор деле бир аз ойлонгулачы 12жаштан 15жашка чейинкилерге паспорт берилмек беле. Менимче бул жон гана оюн болсо керек. Андай болуш учун ата эне доверенност жазып бериш керек бир кишиге мен ушуга ишенем деп. Аны кимге жазып беришет жон эле алдай беришет.
mister-maku түзөттү 28.11.2015 15:47
05.12.2015. 12:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
04-05-2013
Соӊку аракети:
12-12-2017 09:52
Жынысы:
Белгисиз
+3
Админ сизге суроо.дил баянды баракга жазып алып барып бериш керекби же. Интернеттен эле жазып жибереби кандай болот
05.12.2015. 13:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
22-06-2015
Соӊку аракети:
04-03-2017 11:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
Аны кантип далилдейт, окуучу озу жазганын. Мумкун ата энеси, мумкун байке эжеси жазып берген чыгаар
17.12.2015. 10:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
12-01-2012
Соӊку аракети:
15-11-2017 23:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Мен кантип жонотсом болот.Бул жерде ошибка деп кетпей жатат.Жардам бергилечи сураныч)
17.12.2015. 11:47 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8151
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
12-12-2017 13:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
matazim, саламатсызбы!
Өзүңүздүн электрондук дарекке кирип, "Кат жөнөтүү" функциясы аркылуу konkurs@super.kg электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарга кирди:

Кабарлардын саны:
98816;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: