Өлкөдө 6 миллионунчу баланы 500 айымдын бири жарыкка алып келет

Өлкөдө 6 миллионунчу баланы 500 айымдын бири жарыкка алып келет. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда тегерек столдун жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Паиза Сүйүмбаева билдирди. Анын айтымында, атайын түзүлгөн комиссия өлкөдө төрөтүнүн убактысы келип калган айымдардын тизмесин түзгөн.

«Биз 20-ноябрдан 30-ноябрга чейин 1700 аял төрөй турганын аныктап чыктык. Анын натыйжасында республикада бир саатта 10дон 18ге чейин наристе жарык дүйнөгө келерин билебиз. Жыйынтыгында атайын комиссия 20сынан 26-ноябрга чейин төрөй турган энелердин тизмесин түздү, ага 500 айым кирди. Алар кайсы облуста көп же аз экенин айта албайбыз.
Ал эми 26-ноябрь күнү Улуттук статистика комитети саат сайын ымыркайлардын төрөлүшү боюнча маалымат алып, 6 миллионунчу жаранды атайт»,- деди адис.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
aika-87
2015-11-24 12:09:28
Ошо 6миллионунчу балага белек берип койсун эми бийликтегилер
+6
madina.87
2015-11-24 12:15:44
6000000 бала дегендин озу белекда.Тарыхта жазылып калат.
+6
suyom_seni
2015-11-24 12:26:41
Кутобуз))))
+2
bazarkyl
2015-11-24 13:38:52
suyom_seni, күтпөй 7млнго аракет кылсаңчы билишимче сүйгөнүң да бар окшойт.
+3
ayushka
2015-11-24 12:31:00
Акчалай сыйлык берилсе бир бейбечара тороп калса экен жакшы болмок
+2
Valley.of.the.Wolves
2015-11-24 12:34:56
Белеке 6 миллион сом берсе болот!
+4
Aiko_92_29_08
2015-11-24 12:43:21
Анда баарыбыз 1сомдон чогултсак 6млн болот
+3
kg-bala87
2015-11-24 12:52:15
Менимче 6 милионунчу бала бир чондун келинчеги же кызы торосо керек анан сыйлык утуп алса керек а жонокой ааялдар эрте же кеч тороп калса керек :)
+7
tynara81
2015-11-24 13:04:24
Айылда же тоо тараптарда боюнда бар аялдардан тизмеге кирбей калганы да болсо керек.
+6
aziziko
2015-11-24 13:19:20
Биз каяктан 6 миллион болобуз? Канчасы Россияда канчасы Казакстанда . Илгеркидей 10 бала торогон заман жок анан каяктан 6 миллион . Бийлик омуру Кыргызстандын жытын да билбеген адамдарга паспорт берип жатышса ошолорду да кошуп жазып койушкан го
0
alconi100
2015-11-24 13:20:26
Уй берчи экен укпадынарбы.бул жерде да корупция болуп кетсе керек.бир мунотто канча бала торолот чындык болушуна кумон бар...
+4
jigit.paren
2015-11-24 13:29:30
Эхх эми бир бактылуу үй бүлөө турат да менин келинчегим төрөп калса кана атан гөрүү. Бирок корупция болуп кетет го.
+3
sabyr86
2015-11-24 13:39:32
Биз эчаак эле 600000дон ашсак керек,эч кандай документи жоктор толтура.
+4
briliant87
2015-11-24 14:01:06
Мен 7000.000 млн го аракет кылып жатам.
+3
bazarkyl
2015-11-24 14:07:56
briliant87,эрте баштап алган жоксунбу?
+4
PeRa
2015-11-24 22:25:23
2003 -жыл болсо керек.5 миллиончу торолуп Акаев квартира белек кылган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан