6 миллионунчу жаранды жарык дүйнөгө алып келген үй-бүлөгө кандай белек берилери азырынча сыр экендигин бүгүн, 24-ноябрда журналисттерге вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева билдирди. Анын айтымында, азырынча өлкө башчы наристеге алтын күбөлүк берери маалым.
“Өлкөдө 6 миллионунчу жарандын төрөлүшү кыргыз жергеси жана жалпы элибиз үчүн өтө маанилүү окуя. Буга байланыштуу өлкө башчынын жана премьер-министрдин тапшырмасы менен жумушчу комиссия иш алып барууда жана эртеңки күндөн баштап Саламаттыкты сактоо министрлигинде оперативдик штаб иштей баштайт.
Ошол белгиленген 26-ноябрь күнү көптөн-көп күткөн наристе жарык дүйнөгө келгенде президент Алмазбек Атамбаевге сүйүнчүлөнөт. Албетте, бул балага жана аны тапкан ата-энесине сөзсүз түрдө белектер берилет, алар куру калышпайт. Азырынча ал белектер кандай болорун айта албайм. Ал купуя бойдон кала турсун. Эң негизгиси, ушул 6 миллионунчу ымыркайдын төрөлүшү өтө калыстык менен аныкталышы керек”,- деди Кудайбердиева.
Айта кетсек, өлкөдө 5 миллионунчу жаран 2002-жылдын 27-августунда жарык дүйнөгө келген. Анын аты-жөнү - Тынчтыкбек Курамаев. Ошол маалда президент тарабынан Курамаевдердин үй-бүлөсүнө Бишкектен 3 бөлмөлүү үй берилген.