Ош шаарында ЭлТР каналынын 10 жылдыгына жана "Ош" студиясынын 48 жылдыгына карата чоң программадагы концерт өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда SUPER.KG порталына ЭлТР каналынын алып баруучусу Расул Рахманалиев билдирди. Анын айтымында, салтанаттуу иш-чара 6-7-декабрь күндөрү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өткөрүлөт.
“Концертке ырчылар Роза Аманова, Гүлнур Сатылганова, Каныкей Эралиева, Роза Шакирова, Азиза, Айнура Салахидинова, Самара Каримова, Замир Мырза, Данияр Эрматов, “Кыз-Бурак” тобу жана башкалар катышат”,- деди алып баруучу.