Ырчы Данияр Эрматовдун “Сагындым” аттуу жаңы ыры жарык көрдү. Ырдын сөзү, обону Ислам Сатаровго таандык экенин айткан ырчы буларды кошумчалады: “Жазда сүйүү башталат демекчи, ырды атайын ушул мезгилге тууралап чыгардым. Анткени ырдын тексти менин башымдан өткөн окуяны чагылдырат. Ошондой эле “Токто, жаным” аттуу ырымдын уландысы десем да болот”.