ЭЛДИК КАБАР: Ошто өлкөнүн 6 миллионунчу жараны Айлинди төрөт үйүнөн чыгаруу салтанаты өттү

Бүгүн, 28-ноябрда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын 6 миллионунчу жараны Айлинди төрөт үйүнөн чыгаруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев премьер-министрдин атынан куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Айта кетсек, ымыркай Ош шаарында саат 18:12де аскер кызматкери Алмаз Кожошевдин үй-бүлөсүндө 3 килограмм 870 грамм салмакта төрөлгөн. КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев 6 миллионунчу кызга 1 000 000 (1 миллион) сомдук депозиттик эсеп ачууну жана анын үй-бүлөсүнүн курамын эске алып турак үй берүүнү тапшырган. Мындан сырткары 6 миллионунчу кыз менен бир убакта төрөлгөн 10 баланын ата-энесине 100 миң сомдон берүүнү буюрган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
tairermatov
2015-11-28 12:03:41
Омурлуу бактылуу болсун! Келиндер эми жетинчи миллионду чамалагыла)
+4
Sandrana
2015-11-28 12:16:04
Кыргыздын эле атыны койбоптурда койгонго жараша, 5мил.н баланын аты Тынчтык экен президент элибизде Тынчтык болсун деп койгон экен,ал эми Айлин эмнени тушундурду экен ))
+6
aidai88
2015-11-28 12:39:27
Sandrana, 4 млн бу канчачы анык эсимде жок 1985 ж Кара суулук кыз анвн атын да президент койгон жкен эле "Каныкей"-деп.Айлин дегени мага да жакпай жатат.
+9
FREELove
2015-11-28 16:10:52
aidai88, Айлин деген сенин атына окшош Айдай кыргызчасы.
-2
tynystan
2015-11-28 12:43:21
АЛТЫНАЙ ДЕП КОЙБОПТУРДА 6санына кичине уйкашып кетет экен эле
+9
Bermet_Kasymova
2015-11-28 12:45:32
Керемет)))). Кыргыз эли осо берсин))
+2
Nusii
2015-11-28 12:47:56
Омуру узун болсун!
+1
Musabaeva
2015-11-28 12:50:01
Буйруса салым кошобузда кобойтуп;)
+1
omka100514
2015-11-28 13:34:16
омурлуу, ыймандуу, ата-энесине эл-жерине куйумдуу, патриот кыздардан болсун
+2
limpopo
2015-11-28 14:07:16
Ушу куну мен тороп калбай)))))
+1
-LEO-
2015-11-28 14:23:19
Алтынай деген атасынын эжеси бар
-1
joni040494
2015-11-28 14:27:13
Кандай бактулуу еее
0
asia_92
2015-11-28 14:39:32
Бир кызыктай ат озу чынын айтканда.Бизге не барибир эмеспи ден соолугу алты саны аман болсо болду.
+3
kepka
2015-11-28 15:34:50
Ии мени тороткон Тамара эжегоо азаматсыздаар ден соолугу бекем омуру узуун кыз болсун Жамиля эже Тамара эже ишиниздерге ийгилик кудайым 7млн кызды торош мага насип эте коор)))
-3
admin_portal
2015-11-30 15:27:05
kepka, Sandrana - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
0
shake-shake13
2015-11-28 22:44:04
Курманжан Датка энебиздей баатыр болсун
0
samira8589
2015-11-29 07:57:21
Ыймандуу, акылдуу ,Аллахтын суйкумдуу кулдарынан болсун!!!
0
begai93
2015-11-30 05:27:02
Апеей мен биринчи жолу угуп атам мындайды... бирок жакшы экен кандай бактылуу адамдар.а кыздын омуру узуун бактылуу эл керегине жараган кыздардан болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан