Узакка созулган аномалдуу жылуу аба ырайынан кийин 5-декабрдан 7-декабрга чейин аба ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 5-декабрь күнү күндүз жаан жаап, 6-7-декабрь күндөрү жаан карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, кээ бир аймактарда жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. 5-декабрда кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
Мекемеден билдиришкендей, 6-7-декабрь күндөрү облустар боюнча абанын температурасы төмөнкүдөй болот:
- Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1… -6 градус суук, күндүз -1… +4 градуска чейин жылуу;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0… +5 градус жылуу, күндүз +3… +8 градус жылуу;
- тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2… -7 градус суук, күндүз -2 … +3 градуска чейин жылуу;
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -7… -12 градус суук, күндүз -2… -7 градус суук;
- бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20… -25 градус суук, күндүз -10… -15 градус суук болору күтүлүүдө.
"Мындай аба ырайы автоунаа жолдорунун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал кармоону кыйындатат",- деп билдирет ӨКМ.