Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү белгиленди

Бүгүн, 3-декабрда Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата Бишкектеги "Сейтек" балдар чыгармачылык борборунда майрамдык иш-чара болду. Ага ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 600дөй адам катышты. Анда шахмат, шашки, армрестлинг, оордукту түртүп көтөрүү сыяктуу спорттук мелдештерде жеңүүчү аталгандарга сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн сынагында алдынкы орун алгандар белектерге ээ болушту.

Иш-чара алкагында көзү азиздер ырдап, комузда кол ойнотсо, дүлөйлөр коомунун өкүлдөрү болгон эркектер айымдардын көйнөктөрүн кийип бийлешип, өздөрүнө жана көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aisuluu160790
2015-12-03 15:56:35
Азаматсынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан