Кыргыз спортчусу Дастан Шаршеев Беларуста өткөн тайбокс боюнча мелдеште Дүйнөнүн 5 жолку чемпионун утту (фоторепортаж)

4-декабрда Минск шаарында (Беларусь) кикбокстун К-1 эрежеси, муай-тай жана эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке Беларусь, Орусия, Украина, Азербайжан, Польша жана Кыргыз Республикасынын спортчулары катышты.

Мелдештин расмий сайты маалымдагандай, 6-ирет өтүп жаткан мелдеште бир канча беттеш орун алды. Муай-тай боюнча күндүн башкы беттеши беларустук мушкер, Дүйнөнүн 5 жолку чемпиону Юрий Сацук менен кыргыз мушкери, Азия жана Евразия чемпиону Дастан Шаршеевдин ортосунда болду. Жыйынтыгында Дастан 2-раундда атаандашын нокаут менен жеңди.

"Шаршеев үчүн бул беттеш чоң мааниге ээ эле. Себеби спортчу 1 жыл мурун өзүн көргөзүүгө чоң мүмкүнчүлүк жаралганын, бирок анда утулуп калганын айткан. Ушундан кийин анын карьерасында кыйынчылыктар болду. Ал Минск шаарында Юрий Сацукту утту, эми ал рейтингде алдынкы саптарга жылып, карьерасын уланта алат",- деп жазат мелдештин расмий сайты.

Дастан Шаршеев vs Юрий Сацук. 2-раундда нокаут
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Arslan12
2015-12-08 17:49:14
Молодец, куттуктайбыз!
+3
Chegevara
2015-12-08 17:59:00
Молодец чыныгы эркек биздин сыймык
+2
elchi84
2015-12-08 18:03:30
Сыймыктанабыз алга алга жана алга.
+3
Mars55
2015-12-08 18:11:07
Видеосун жуктоп койгулачы.
+2
admin_portal
2015-12-09 10:01:39
Mars55, саламатсызбы! Видеосу кабардын ылдый жагында байланган. Же төмөндөгү шилтеме менен өтүп, көрө аласыз: http://www.super.kg/media/uservideo/156507/
0
Aibek8992
2015-12-08 18:12:15
Азаматсың кыргызымдын кырааны!
+2
Ruslan_d
2015-12-08 18:41:16
Азаматсын!
+2
sagyn01
2015-12-08 18:45:48
Видеосун кордум, тезе менен тееп уктатыптыр, молочик
+2
Maks_shop
2015-12-08 19:04:12
Красавчик ушул акебиге окшогон спортчулар көбөйсүн
+2
Kudi
2015-12-08 19:17:06
Жакшы жакшы
+2
Mars55
2015-12-08 19:35:09
Бакиев журотго.
0
aravan
2015-12-08 19:49:45
jakshy kuttuktaybyz onorunuz orkundoy bersin
+2
forestmen
2015-12-08 21:14:32
Албетте-азаматсын Дастан. Мындан ары дагы ийгилик. Айтаарым баардык кыргызмын дегендерге. Бир жерге кийип чыкканда калпакты маскаралабагылачы сураныч. Талаага сугатка чыккандай болуп ырайынарды келиштирбей.
+3
Erkin.89
2015-12-08 23:00:33
forestmen, башында жакшы эле чекчейтип кийип чыккандай.оо уу деп кучактап куттуктап атып майыштырып жибергенго.Мээлей мен кандай түздөйт?Кантседа ийгилик жаратыптыр жарайсын алга.Калпакты башына кийип чет жерде духу жетип кийип жургөндөрду өттө сейрек кездештиресин....
+3
Gulya21
2015-12-08 23:04:42
Молодец
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан